Кыргызстан Евробиримдиктен 17 млн евро грант алат

Кыргызстан Евробиримдиктен 17 млн евро грант алат

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, Европа Биримдиги Кыргызстанда суу секторун реформалоо долбоорду ишке ашыруу үчүн 17 миллион евро грант бөлөт.

Маалыматка ылайык, 10-октябрда Бельгиянын Брюссель шаарында өткөн Global Gateway форумунун алкагында Кыргызстандын финансы министринин орун басары Улан Календеров менен Европа комиссиясынын эл аралык өнөктөштүк боюнча өкүлү Петерис Устубс жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташууну чыңдоо маселелери талкууланды. Натыйжада, Министрлер Кабинети менен Европа комиссиясынын ортосунда 17 млн евро өлчөмүндөгү гранттык келишимге кол коюлду.

Аталган каражат суу секторун реформалоого, анын ичинде инфраструктураны жакшыртууга, башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана ресурстарды туруктуу пайдаланууну камсыз кылууга багытталат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү ниетин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Абройлуу эл аралык аянтчада Кыргызстандын улуттук стенди  ачылды

Абройлуу эл аралык аянтчада Кыргызстандын улуттук стенди ачылды

3-4-мартта Берлин шаарында өтүп жаткан ITB Berlin-2026 эл аралык туристтик көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук стенди ачылганын Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. ITB Berlin-2026 туризм тармагындагы эң ири жана абройлуу эл аралык аянтчалардын бири. Улуттук стенд Туризм департаменти тарабынан "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААК менен биргеликте Кыргызстандын Германиядагы

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ишке кирерин Айыл чарба министрлиги маалымдап, долбоорлор өлкөнүн бардык аймактарын камтып, ички өндүрүштү көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспортту арттырууга багытталганын белгиледи. Долбоор мамлекеттик программа алкагында ишке ашырылып, ата мекендик продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталат. Негизги басым сүт, эт, жашылча-жемиш

Курулуш реестринде катталбаган объекттер аныкталды

Курулуш реестринде катталбаган объекттер аныкталды

Бишкекте курулуш реестрине катталбаган бир катар объекттер аныкталганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдирди. Алар төмөнкү даректердеги курулуш объектилер: * Жукеев-Пудовкин көчөсү 4;  * Гвардейский көчөсү 13, 13а, 15; * Горький көчөсү 72, 72а, 42; * Б. Юнусалиев көчөсү 10. Аталган объектилер боюнча куруучуларга жазуу түрүндө эскертүү, шаар куруу документтерин даярдоо жана

Эки жарандан 46 млн сом алдап кеткен жаран Азербайжанда кармалды

Эки жарандан 46 млн сом алдап кеткен жаран Азербайжанда кармалды

Азербайджандан Кыргызсстанга 46 млн сомдон ашык каражатты алдап алган деп айыпталган жаран экстрадицияланганын Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, издөөгө алынган Т.Д. Баку шаарында кармалган. Зарыл болгон бардык процедуралар аяктагандан кийин ал ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга жеткирилген. Учурда ал кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тергөө абагына камалды. Тергөө маалыматы боюнча, шектүү