Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 196,48 млн сом насыя бөлүндү

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө жеңилдетилген кредиттер берилүүдө. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Азыктуулугу жогору асыл тукум малды сатып алууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Министрлер Кабинети 2025-жылдын 5-мартындагы №139-т токтому менен "Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү" долбоорун бекиткен.
Долбоорду ишке ашырууга "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" катышып, кредиттөөнүн жалпы суммасы 1 849,56 млн сомду түзөт.
2-октябрга карата республика боюнча 56 каржылоо субъектине жалпы 196,48 млн сом жеңилдетилген кредиттер берилди.
Бул долбоор асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө жана айыл чарба секторунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.