Айылдык өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыялар берилди

Айылдык өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыялар  берилди

АЧК-13 долбоорунун алкагында Кыргызстандын 6 487 айылдык товар өндүрүүчүсүнө жалпы 4 081,22 млн сом суммасына жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Берилген кредиттер төмөнкү тармактар боюнча бөлүштүрүлгөн:

Мал чарбачылык – 3 381,64 млн сом, 5 443 субъектти камтыйт;
Өсүмдүк өстүрүүчүлүк – 441,02 млн сом, 898 субъект;
Сууну үнөмдөөчү технологиялар – 17,00 млн сом, 22 субъект;
Лизинг – 241,56 млн сом, 122 субъект.

Бул каржылоонун максаты айылдык өндүрүштү колдоо, фермерлердин жана ишкерлердин инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле айыл чарба жана өнөр жай тармактарын туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Пенсия акы көбөйүп, иштегендердин топтомо бөлүгү берилүүдө

Пенсия акы көбөйүп, иштегендердин топтомо бөлүгү берилүүдө

2025-жылдын 1-октябрынан баштап Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, пенсия акыларына индексация жүргүзүлдү. Мындай билдирүүнү Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Нурзат Жакеева "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди. Анын айтымында – “Жалпысынан базалык бөлүктөн сырткары, камсыздандыруу бөлүктөрү 10 пайызга жогорулады. Тагыраагы, камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомго

Президент KGST стейблкоинин түзүү жана ишке киргизүү тапшырмасын берди

Президент KGST стейблкоинин түзүү жана ишке киргизүү тапшырмасын берди

Бүгүн Бишкекте Президент Садыр Жапаровдун жана Binance криптовалюталык платформасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаонун катышуусунда Виртуалдык активдер жана блокчейн-технология тармагын өнүктүрүү улуттук кеңешинин жыйыны  болуп өттү.  Жыйын аягында өлкө башчысы тиешелүү мамлеккеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди: * Экономика жана коммерция министрлигине – виртуалдык активдер жөнүндө мыйзамдык базаны жакшыртуу боюнча ишти улантуу; *  Илим, жогорку

"Гендердик теңчилик жана жашыл инновациялар" сыйлыгы ээлерин тапты

"Гендердик теңчилик жана жашыл инновациялар" сыйлыгы ээлерин тапты

Бишкекте CAREC 2025 «Гендердик теңчилик жана жашыл инновациялар» сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Иш-чарада Борбор Азиядан CAREC программасына катышкан 17 мыкты өкүл жана уюм өз салымы үчүн сыйланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Сыйлык аялдардын күн энергиясы боюнча техникалык адистикке окутуу, Борбор Азиядагы биринчи «нөлдүк калдыктар» концепциясындагы дүкөндү ачуу

Кара-Сууда сүттөн жана мөмө-жемиштерден улуттук суусундуктар өндүрүлүүдө

Кара-Сууда сүттөн жана мөмө-жемиштерден улуттук суусундуктар өндүрүлүүдө

Кара-Суу районунун Социализм айылында жайгашкан «Ала-Тоо Амир» ишканасы табигый сүттөн жана түштүк аймактардан чогултулган мөмө-жемиштерден даярдалган улуттук жана муздак суусундуктарды чыгарат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышып, өндүрүш процесси, продукциянын сапаты жана келечек пландары