Чакан жана орто ишкерликти колдоо максатында 143,98 млн сом насыя берилди

Чакан жана орто ишкерликти колдоо максатында 143,98 млн сом насыя берилди

Чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо, региондордун өнүгүшүнө, жашыл экономиканын өнүгүүсүнө жана экономикалык өсүшкө дем берүү максатында, Министрлер Кабинети “Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө” долбоору бекиткен. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Долбоордун негизги максаты — ишкерлерге жана жарандарга жеткиликтүү, төмөн пайыздагы жана жеңилдетилген шарттагы кредиттерди берүү аркылуу өндүрүштү, кызмат көрсөтүүнү жана жаңы жумуш орундарын өнүктүрүүгө шарт түзүү.

Бул долбоорду ишке ашырууга “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы катышууда. 2025-жылга карата жалпы кредиттик портфелдин көлөмү 500 миллион сомду түзөт.

9-октябрга карата долбоордун алкагында 49 ишкерлик субъектине жалпы 143,98 миллион сом суммадагы жеңилдетилген кредиттер берилди.

Бул демилге өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу багытындагы маанилүү кадам болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда жалпы 3,7 млн эркек адам бар

Кыргызстанда жалпы 3,7 млн эркек адам бар

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2026-жылдын башына карата Кыргызстандагы эркектердин саны 3,7 млн адамды түзүп, бул жалпы калктын 49,5%ын түзгөн. Эркектердин болжол менен үчтөн экиси айыл жергесинде жашайт. Ошол эле учурда ар бир жетинчи эркек Бишкек шаарында жашайт. 2024-жылдагы маалыматтар боюнча эмгекке жарамдуу курактагы эркектердин иш менен

Акыйкатчынын аракети менен таластык 21 жаран кайра ишине орношту

Акыйкатчынын аракети менен таластык 21 жаран кайра ишине орношту

Талас облусунун 21 тургуну эмгек укуктарынын бузулушу боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаевага кайрылды. Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, жарандар 5-16-январь күндөрү Талас шаарындагы көп кабаттуу турак жайдын курулушунда иштеп келишкен. Алардын айтымында, курулуш компаниясы 16-январда жүйөсүз негизде жумуштан бошотуп, алардын ордуна башка өлкөнүн жарандары кабыл алынган. Маалым болгондой, жумушчулар менен

Кыргызстан 2025-жылы 6,2 тонна алтын экспорттогон

Кыргызстан 2025-жылы 6,2 тонна алтын экспорттогон

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан алдын ала маалыматтарга ылайык 6,2 тонна алтынды 682,8 млн долларга экспорттогону Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына жүргүзүлгөн талдоодо айтылат. Белгилей кетсек, декабрь айында Кыргызстан алтын экспорттогон эмес. 2025-жылы алтын төмөнкү өлкөлөргө жеткирилген: * Швейцария — 3,9 тонна, 437,8 млн долларга; * Улуу Британия — 2,1 тонна,

Бишкекте курулуш объектиси 200 миң сом айып пулга жыгылды

Бишкекте курулуш объектиси 200 миң сом айып пулга жыгылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринде пландуу текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Көк-Жар айылынын Мадиев көчөсү 9 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак жай курулуп жаткан объектте бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Тактап айтканда, 9 кабаттуу имаратка кошо