Былтыр Баткендин фермерлерине 308,9 млн сом жеңилдетилген насыя берилген
Өткөн жылы "Айыл чарбасын каржылоо-13" долбоорунун алкагында Баткен облусунда 623 жаранга 308,9 млн сомдук жеңилдетилген насыя берилген. Бул тууралуу Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Айыл банк" тарабынан айыл чарба тармагындагы 25 ишкерге 10 млн сом, мал чарбачылыгы боюнча 188 ишкерге 119 млн сом, тамчылатып сугарууга 3 жаранга 2,3 млн сом насыя берилген.
Ал эми "Элдик банк" тарабынан айыл чарба тармагындагы 16 дыйканга 6,97 млн сом, мал чарбачылыгына 391 фермерге 167,6 млн сом насыя берилген.