Кыргызстанда бир айдын ичинде 21 миңден ашык ОСАГО полистери берилди

2023-жылдын апрелинен бери 21 743 ОСАГО полиси берилген. Бул тууралуу маалымат жыйында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасынын орун басары Марат Пирназаров билдирди.
Анын айтымында, 13 камсыздандыруу компаниясы ОСАГО берүү үчүн лицензиясын алып, апрель айынан бери 21 миңден ашык полистерди берген.