Бишкек – Баткен – Бишкек авиакаттамдары жанданат

2023-жылдын 18-майынан тартып Бишкек – Баткен – Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту билдирди.
Маалыматка ылайык, Tez Jet авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу – бейшемби күндөрү аткарат.
Эске салсак, «Баткен» аэропорту үстүбүздөгү жылдын 1- апрелинен тартып аэродромдун элементтерин оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.