Минкаб имараттардын сейсмологиялык туруктуулугун текшерүү комиссиясын түздү

КР министрлер кабинети курулуп бүткөн жана курулуп жаткан имараттардын сейсмологиялык жактан туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиясын түздү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чечим Түркиядагы болуп өткөн акыркы жер титирөөлөрдү, ошондой эле дүйнөдөгү континенттик плиталардын жылышын эске алуу менен кабыл алынды. Анын натыйжасында КРнын аймагында айрым процесстер жана кубулуштар активдешип кетиши мүмкүн.
Эми ведомстволор аралык комиссияга үч айлык мөөнөттө көп кабаттуу курулуш объектилеринин жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү жана анын жыйынтыгы боюнча минкабга маалымат берет.