«Кыргызавтожолдун» жетекчилиги 10.2 млн сомду кымырып алышкан

«Кыргызавтожолдун» жетекчилиги 10.2 млн сомду кымырып алышкан

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 10 млн 263 миң сомдук бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз которуу жана ыйгарып алуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Такталгандай, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жол башкармалыгынын №32 жол тейлөө мекемесинин башчысы Т.М.М. жана «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын директору К.Р.Н. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып «Е.» ЖЧКсынын кызыкчылыгын лоббирлөө менен мыйзам талаптарын одоно түрдө бузуп, 2020-2022-жылдар аралыгында «Е.» ЖЧКсына бюджеттик каражаттардын эсебинен 24 млн 450 миң сом которуп жиберишкен.

Көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде аталган подрядчы иш жүзүндө 15 млн 889 миң сомдук гана иштерди аткарган. Мындан сырткары, «Е.» ЖЧКсы көрсөтүлгөн мөөнөттө 1 млн 702 миң сом өлчөмүндө мамлекетке киреше болучу кошумча наркка салыкты жашырып, төлөбөй койгондугу аныкталган.

Натыйжада, мамлекетке жалпысынан 10 млн 263 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу»), 339-беренеси («Билип туруп пайдасыз келишим түзүү»),  210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр Кыргызстандан Красноярск шаарына 14 365 тотукуш жеткирилген

Былтыр Кыргызстандан Красноярск шаарына 14 365 тотукуш жеткирилген

2025-жылы Кыргызстандан Красноярск шаарына 14 миң  365 декоративдүү канаттуулар, негизинен түстүү тотукуштар, ажырагыс тотукуштар жана кореллалар жеткирилген. Бул тууралуу Красноярск аймагы боюнча Россиянын Айыл чарба жана ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, Россиянын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пунктунда (Красноярск эл аралык аэропорту) мекеменин адистери канаттууларга ветеринардык көзөмөл

Тигүү тармагындагы ишканалар жеңилдетилген насыя ала алышат

Тигүү тармагындагы ишканалар жеңилдетилген насыя ала алышат

Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-январындагы №1-тескемеси менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын ЧОИ субъекттерин пайыздык чендерди субсидиялоо жолу менен жеңилдетилген кредиттөө" долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Бул долбоордун алкагында тигүү тармагындагы ишканалар ыйгарым укуктуу финансы-кредиттик уюмдар аркылуу жеңилдетилген кредит ала алышат. Кредиттөө төмөнкү банктар аркылуу жүргүзүлөт:

Кыргызстанда былтыр медициналык мекемелерден 3 млн 349 миң сом айып пул алынган

Кыргызстанда былтыр медициналык мекемелерден 3 млн 349 миң сом айып пул алынган

2025-жылы Кыргызстанда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы медициналык мекемелерде 3 145 комплекстүү текшерүү жүргүзгөн. Анын ичинен 959 текшерүү жеке клиникаларда өткөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Санжар Темирбеков билдирди. Анын айтымында, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 2 245 санитардык талаптар берилген, ал эми 1 111 жооптуу адам

Япония эл аралык кызматташтык уюму Кыргызстанга 11 млн. 600 миң доллар кайтарымсыз каражат бөлөт

Япония эл аралык кызматташтык уюму Кыргызстанга 11 млн. 600 миң доллар кайтарымсыз каражат бөлөт

Япония эл аралык кызматташтык уюму(JICA) Кыргызстанга 11 млн 600 миң доллар өлчөмүндө кайтарымсыз каражат бөлөрүн Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Темирбек Эркинов билдирди. Анын айтымында, каражаттар Ош шаарындагы түштүк аймагына кызмат көрсөткөн референс-ооруканаларды заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоого багытталат. Гранттын алкагында төмөнкү жабдууларды сатып