Бишкектеги «Батуми» кафесинин буздуруусун УКМК текшерет

Бишкектеги «Батуми» кафесинин буздуруусун УКМК текшерет

КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарында жайгашкан «Батуми» кафесин мэриянын тарабынан бузулушу тууралуу өз жеринен барып таанышып келди. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Эске салсак, «Батуми» кафеси шаардык мэриянын тарабынан 24 майда буздурулган. Ишкананы ээси Кадича Бечелова аларга расмий эскертүү берилбегенин, буздуруу боюнча сот чечими жоктугун айтты.

Ташиев тийиштүү мекемелердин кызматкерлерине аталган иштин чоо-жайын толук аныктап, мыйзам чегинде кайрадан карап чыгууну, эгерде бузуу мыйзамсыз болсо күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Д.Трамп "Би-Би-Си" радиосунан 5 млрд долларга чейин компенсация талап кыларын билдирди

Д.Трамп "Би-Би-Си" радиосунан 5 млрд долларга чейин компенсация талап кыларын билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп келерки жумада британиялык “Би-би-си” маалымат корпорациясы “Панорама” программасында анын сүйлөгөн сөзүн редакциялап, туура эмес бергени үчүн сотко берерин Reuters маалымдады.  АКШ лидеринин айтымында, ал “Би-Би-Сиден” 1 млрд доллардан 5 млрд долларга чейин компенсация талап кылат.  “Мен муну жасашым керек, алар керек болсо алдамчылык кылышканын моюндашпадыбы. Алар

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын аймагында жаңы мектеп, бала бакча жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ачылды

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын аймагында жаңы мектеп, бала бакча жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ачылды

Кечээ “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын аймагында мектеп, бала бакча жана үй-бүлөлүк медицина борбору ачылганын Агартуу министрлигинен билдиргенин “Кабар” маалымат агенттиги жазды.  Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышкан. Иш-чаранын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров социалдык объектилердин инфраструктурасы

Сак болуңуз! Улуттук банктын атын жамынган алдамчылар элдин ишенимине кирип жатат

Сак болуңуз! Улуттук банктын атын жамынган алдамчылар элдин ишенимине кирип жатат

Улуттук банктын кызматкерлеринин атынан тариздетилген жасалма күбөлүктөрдү көрсөтүп, жарандарды алдоо учурлары уланып жатат. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты. Маалыматка караганда, жасалма документтер кылмышкерлер тарабынан алдамчылык жана жарандарды адаштыруу максатында колдонулуп жатат. Улуттук банк Кызматтык күбөлүктөрдү мессенджерлер аркылуу жөнөтпөйт жана үчүнчү жактар аркылуу акча каражаттарын, жеке маалыматтарды же башка маалыматтарды сурабайт.

С.Жапаров: Мугалимдердин айлык акысы 1-апрелден баштап 40 миң сомго жетет

С.Жапаров: Мугалимдердин айлык акысы 1-апрелден баштап 40 миң сомго жетет

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан бир катар социалдык объектилердин ачылыш аземине катышты. Аянты 10,5 гектарга жакын аймакта билим берүү, тарбиялоо жана ден соолукту чыңдоо боюнча заманбап комплекстин ачылышы болду. Бул комплекстеги 570 окуучуга ылайыкталган 20 заманбап кабинет жана өзүнчө музыкалык блок менен жабдылган эки