Мамлекетке карызды аэропорттон эле төлөгөнгө шарт түзүлөт

Мамлекетке карызды аэропорттон эле төлөгөнгө шарт түзүлөт

Мамлекетке карызы бар жарандар үчүн аэропорттон эле терминал аркылуу төлөп карызынан кутулууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу Сот департаментинин директору Медербек Сатыев парламентте айтып берди.

Анын айтымында, учурда автоматташтырылган программа түзүлүп бүттү. Жарандар аэропорттон эле терминал аркылуу төлөй ала тургандай болот. Маселе 10-20 мүнөттүн аралыгында чечилет.

«Учурда жарандардын чет өлкөгө чыгышына чектөө сот аткаруучунун токтому менен коюлат, тыюуну алуу үчүн да сот аткаруучунун токтому керек. Ошол азыр автоматтык түрдө чечиле турган болуп жатат. Программаны иштеп чыктык, баары даяр», — деди Сатыев.

Сатыев бул долбоорду 10 күндүн ичинде Жогорку Кеңешке алып келүүнү убадалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан акчалардын изин жашыруу жана финансылык терроризм боюнча Евразиялык топтун 5-форумуна катышты

Кыргызстан акчалардын изин жашыруу жана финансылык терроризм боюнча Евразиялык топтун 5-форумуна катышты

Кечээ Ашхабадда акчалардын изин жашыруу жана финансылык терроризм боюнча Евразиялык топтун 5-форуму болду. Анда Беларустун, Өзбекстандын, Россиянын, Түркмөнстандын, Индиянын, Кыргызстандын жана Тажикстандын тергөө органдары менен финансылык чалгындоо кызматтарынын өкүлдөрү катышканын Россия Федерациясынын Тергөө комитетин билдирди.  Форум катышуучулары криптовалюталарды мыйзамга каршы максатта пайдалануу менен күрөшүү тажрыйбалары менен бөлүшүп, кирешелерди жашыруу боюнча

УКМК төрагасы К.Ташиев Жалал-Абад аэропортунун курулушун текшерди

УКМК төрагасы К.Ташиев Жалал-Абад аэропортунун курулушун текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ Сузактагы "Жалал-Абад" эл аралык аэропортуна барып, курулуш иштерин жеринде текшергенин УКМКнын маалымат кызматы билдирди. К.Ташиев  учуп-конуу тилкесиндеги процесс менен таанышып, подрядчиктерге курулушту тездетүү жана сапатты катуу көзөмөлдөө боюнча талаптарды койгон. Андан соң ал терминал имаратынын курулушу

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда жумуртка быйыл көп өндүрүлгөн

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда жумуртка быйыл көп өндүрүлгөн

Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү айыл чарба өндүрүшү тууралуу маалыматтарды жарыялады. 2025-жылдын январь-сентябрь айларында ЕАЭБдин Казакстан, Беларус, Кыргызстан жана Россия өлкөлөрүн жалпы алганда сүт өндүрүү 1,5%га жогорулаган.  Жумуртка өндүрүү 4,4%га өсүп, былтыркы жылга салыштырмалуу Арменияда – 112% жана Кыргызстанда – 106%га өскөн. Бул башка ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү жумуртка

Д.Трамп "Би-Би-Си" радиосунан 5 млрд долларга чейин компенсация талап кыларын билдирди

Д.Трамп "Би-Би-Си" радиосунан 5 млрд долларга чейин компенсация талап кыларын билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп келерки жумада британиялык “Би-би-си” маалымат корпорациясы “Панорама” программасында анын сүйлөгөн сөзүн редакциялап, туура эмес бергени үчүн сотко берерин Reuters маалымдады.  АКШ лидеринин айтымында, ал “Би-Би-Сиден” 1 млрд доллардан 5 млрд долларга чейин компенсация талап кылат.  “Мен муну жасашым керек, алар керек болсо алдамчылык кылышканын моюндашпадыбы. Алар