Бүгүн «Бишкекасфальтсервис» Чүй проспектисинин бир бөлүгүн кеңейте баштады – иштердин схемасы

Бишкектин мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Чүй проспектисин Курманжан-Датка көчөсү менен кесилишинде автотранспорттордун кыймылын тартипке келтирүү схемасын иштеп чыкты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Такталгандай, 29-майдан баштап «Бишкекасфальтсервис» төмөнкүдөй иштерди баштайт:
· Чүй проспектиси боюнча (түндүк-чыгыш тарабы) жол белгилерин реконструкциялоо менен жолдун бөлүүчү газон тилкесин кичирейтүү жолу менен жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүү;
· аялдама комплексин жылдыруу, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн кошумча тилке уюштуруу жана жол белгилерин кайра орнотуу менен Чүй проспектисинин ылдый жагын Курманжан Датка көчөсүнүн жүрүүчү бөлүгүн (түндүк-чыгыш тарабы) кеңейтүү;
· жол белгилерин жана светофор объектисинин кошумча бөлүгүн орнотуу менен Чүй проспектиси боюнча (түштүк-батыш тарабынан) түштүк тарапка жол ачуу.
