Бишкекте 100дөн ашык муниципалдык батир менчиктештирилет

Бишкекте 100дөн ашык муниципалдык батир менчиктештирилет
Photo by vigor poodo / Unsplash

Бишкек шаарында муниципалдык турак жайларды менчиктештирүүгө даярдыктар өтүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,бүгүнкү күндө менчиктештирүүгө жарандардан 150гө жакын арыз бар, алар Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык турак жайларды менчиктештирүү маселелерин кароо боюнча комиссиясынын отурумунда каралды.

«Бул 25-30 жылдан ашык мунциипалдык батирлерде жашаган шаардыктардын категориясы. Алардын менчиктештирүү маселелери көп жылдар бою чечилбей келген», - деп маалымат кызматы белгиледи.

Учурда батирлерди менчиктештирүү боюнча биринчи чечимдер кабыл алынды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте №42 мектепке 385 орундуу кошумча корпус курулууда

Бишкекте №42 мектепке 385 орундуу кошумча корпус курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарында курулуп жаткан билим берүү объектилерин кыдырып, №42 мектептин 385 орундуу жаңы окуу корпусунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка таянсак, объекттин курулушу 2026-жылдын март айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоорго ылайык, үч кабаттуу

Өзбекстандан Кыргызстандын карамагына эки айыл өттү

Өзбекстандан Кыргызстандын карамагына эки айыл өттү

Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен чек араларды демаркациялоо маалында мурда Өзбекстанга тиешелүү болуп келген эки айыл жашоочулары менен кошо (болжол менен 2500 адам) Кыргызстанга өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы билдирди. Маалыматка ылайык, мурда Фергана облусуна караштуу болуп келген Чоңгара жана Таш-Төбө айылдары Кыргызстандын карамагына өттү. Бул айылдарда этникалык

Баткенде мигранттардын долбоорлору аркылуу 100дөн ашык жумуш орду түзүлдү

Баткенде мигранттардын долбоорлору аркылуу 100дөн ашык жумуш орду түзүлдү

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы жана Казакстандагы өкүлдөрү менен жолугушту. Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, делегация Баткенге Улуу Британиядан кайтып келген эмгек мигранттарынын ишкердик демилгелерин колдоо долбоорунун жыйынтыгын карашты. 2023–2025-жылдары “1+1” механизми аркылуу мекенге кайтып келген 59 жарандын бизнес-пландары каржыланып, алардын 39у

Баткенде селдин кесепетинен ичүүчү суу токтотулду

Баткенде селдин кесепетинен ичүүчү суу токтотулду

22-июнда Баткен шаарында катуу сел жүргөндөн кийин тургундар борборлоштурулган суу менен камсыздоодон убактылуу ажырашты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, нөшөрлөгөн жаандан жана анын кесепетинен электр энергиясынын өчүшүнөн улам шаардык резервуарларга суу жетиштүү көлөмдө топтолбой калган. Ушуга байланыштуу шаар боюнча ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулду.