Кыргызстан менен Мальдивдин жарандары визалык талаптардан бошотулду
Кыргызстан менен Мальдивдин жарандары визалык талаптардан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, президент Садыр Жапаров «2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган министрлер кабинети менен Мальдив Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамына кол койду.
Аталган мыйзамда тараптардын макулдашуусуна ылайык кыргызстандыктар – дипломатиялык, кызматтык, жарандык паспорттордун, ошондой эле КРна кайтып келүү жөнүндө күбөлүктүн ээлери жана Мальдив Республикасынын жарандары тараптардын мамлекеттеринин аймагына кирүү, кетүү, транзиттик жана убактылуу болуу үчүн, эгер ал жакта болуунун ар бир мезгилинин узактыгы алар кирген учурдан тартып 30 күндөн ашпаса, визалык талаптардан бошотулат.