Баткендин Капчыгай айылында 1.7 км жолго асфальт төшөлдү

Баткен облусунун Капчыгай айылында 1.7 км жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолдун узундугу 1700 метр, туурасы 6 метрди түзгөн. Анын ичинен:

• К. Ормонов көчөсүнө – 775 м;

• А. Марданаев көчөсүнө – 925 м.

Иштин аткаруучусу «Кыргызавтожол» МИ Баткен филиалынын №2 жол тейлөө ишканасы.