Оштун мэриясына 20 млн сомдук жер тилкеси кайтарылды

Оштун мэриясына 20 млн сомдук жер тилкеси кайтарылды
Photo by Dastan Suiuntbekov / Unsplash

Ош шаарында 20 млн сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурада билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош мэриясы 404 чарчы метр жер тилкесин Т.К. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө, аукцион өткөрбөстөн сатып, анын негизинде жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы берилгендиги аныкталган. Бул Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталды.

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан сот органдарына доо арыз келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен толук менен канааттандырылган. Келтирилген прокурордук чара көрүү актысынын негизинде базар баасы 20 млн 200 миң сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Read more

«Альянс Алтын» ишканасы «Жылдын мыкты жумуш берүүчүсү» сыйлыгын алды

«Альянс Алтын» ишканасы «Жылдын мыкты жумуш берүүчүсү» сыйлыгын алды

«Альянс Алтын» ЖЧКсы «Жылдын мыкты жумуш берүүчүсү» номинациясында AmCham Awards 2024 сыйлыгын алды. Сыйлык тапшыруу аземи 2024-жылдын 12-декабрында Америкалык Соода Палатасынын AmCham GALA 2024 жылдык иш-чарасынын алкагында өттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. «Альянс Алтын» компаниясы үчүн кызматкерлер ар дайым негизги баалуулук болуп келген. Алардын бакубаттуулугуна дайыма көңүл буруу,

Элдик курултайдын делегаттары Жерүй кенинин иши менен таанышты

Элдик курултайдын делегаттары Жерүй кенинин иши менен таанышты

Талас облусунан дайындалган III Элдик курултайдын делегаттары 2024-жылдын 17-декабрь күнү Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө компания делегаттарды Талас алтын кен комбинатынын иштөө процесси, калдык сактоочу жайдын абалы менен тааныштырышты. Андан сырткары тегерек стол уюштурулуп делегаттар

Жерүйдө калдык сактоочу жайдын экинчи этабынын  курулушу текшерилди

Жерүйдө калдык сактоочу жайдын экинчи этабынын курулушу текшерилди

Талас облусундагы Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясынын чакыруусу менен облустагы жарандык активисттерден түзүлгөн Элдик комиссиянын өкүлдөрү кенге барышты. Аталган комиссия буга чейин дагы бир нече жолу кендин иши менен таанышып, көзөмөл жүргүзүп келишкен. Бул ирээт кендин аймагындагы калдык сактоочу жайдын экинчи баскычынын курулуш иштеринин аякташы менен таанышуу болду. Бул

Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунун Шумкар-Уя айыл өкмөтүндө таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Бул тууралуу Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынан билдиришти. Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн аймагында аянты 1,5 гектарды түзгөн «Шумкар» ишканасы курулган. Жергиликтүү бийлик ишкана аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга жардам берип, күнүнө 10-15 тонна таштандыны кайра иштетет деген ишенимде. Айыл өкмөтүнүн