Бишкектеги турак жайлар көрктөндүрүлүүдө

Бишкектеги турак жайлар көрктөндүрүлүүдө

Бишкек шаарынын мэриясы Шанхай кызматташтык уюмунун Саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында турак жайларды жаңылоо жана көрктөндүрүү боюнча масштабдуу иштер улантылып жатат.

Бишкек шаардык мэриянын маалыматына ылайык, Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарына, техникалык регламенттерине жана бекитилген долбоордук чечимдерге шайкеш жүргүзүлүүдө.

Ар бир объект боюнча алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ал эми бекитилген талаптарды бузуу менен орнотулган объекттердин жана конструкциялардын ээлерине аларды бузуу зарылдыгы жөнүндө белгиленген тартипте билдирүүлөр берилүүдө.

Ар бир объект шаардык техникалык кызматтардын катышуусунда кабыл алынат. Учурдагы этапта иштер шаардын төрт районундагы негизги көчөлөрдү камтыйт:

Ленин району - Чүй проспекти, Чыңгыз Айтматов проспекти, Манас проспекти, Дэн Сяопин проспекти, Фучик көчөсү.

Свердлов району - Абдрахманов көчөсү, Жибек-Жолу проспекти, Жумабек көчөсү.

Октябрь району - Байтик баатыр көчөсү, 8-жана 9-кичи райондор, Чыңгыз Айтматов проспекти, Совмин конушу.

Биринчи Май району - Чыңгыз Айтматов проспекти, Москва көчөсү, Жибек-Жолу проспекти, Медеров көчөсү, Абрахманов көчөсү, Байтик баатыр көчөсү, Жаш Гвардия бульвары.

Аткарылып жаткан иштердин сапатына байланыштуу жарандардын кайрылуулары белгиленген тартипте кабыл алынып, ыкчам каралат. 

 

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media