Азербайжандык AZAL Бишкектен Бакуга каттамын ачат

Азербайжандык AZAL Бишкектен Бакуга каттамын ачат

16-июлдан тарта «Азербайджан аба жолдору» компаниясы (AZAL) Бишкек-Баку багыты боюнча түз каттамдарды аткара баштайт.

Авиакомпания белгилегендей, каттамдар жумасына бир жолу аткарылат. Бакудан пландалган учуу ишемби күндөрү саат 22:00дө болот. Бишкектен учуу – жекшемби күндөрү саат 3:35те аткарылат.

Бишкек-Баку аба каттамы Кыргызстандан Закавказьеге биринчи каттам болот. Буга чейин КР, Азербайжан, Армения жана Грузиянын ортосунда түз аба каттамдары көпкө чейин болгон эмес.

Авиакомпания Баку – Бишкек багыты боюнча авиакаттамдын ачылышы жүргүнчүлөрдүн Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы саякат жана иш сапарларына мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, ошондой эле Бакунун транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө салым кошоорун белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик кызматтарды тездетүү боюнча 100 күндүк реформа башталды

Мамлекеттик кызматтарды тездетүү боюнча 100 күндүк реформа башталды

29-июнда "Ынтымак Ордо" резиденциясында өткөн жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 100 күндүк реформалар расмий түрдө башталганын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Жаңы демилгелер мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санарипке өткөрүүгө жана кагаз иштерин азайтууга багытталган. Биринчи этапта финансылык институттардагы күрөөнү алып салуу иштерин жөнөкөйлөтүү каралууда.

Баткен – Тамчы аба каттамы ишке киргизилет

Баткен – Тамчы аба каттамы ишке киргизилет

16-июлдан тартып тарыхта биринчи жолу Баткен – Тамчы – Баткен багыты боюнча түз туруктуу авиакаттам ишке киргизилет. Бул каттам Баткен облусу менен Ысык-Көлдүн жээгин эч кандай транзитсиз жана узак жол жүрбөстөн байланыштырат. "Кыргызстан аэропортторунан” билдиргендей, эми баткендиктер болжол менен бир сааттын ичинде Ысык-Көлдүн жээгине жетип, эс ала алышат.

Эсептөө палатасынын тескөөчүсү 900 миң сом пара алып кармалды

Эсептөө палатасынын тескөөчүсү 900 миң сом пара алып кармалды

Коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу максатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге карата жүргүзүлгөн контрчалгындоо иш-чараларынын жүрүшүндө Эсеп палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн тескөөчүсү Д.М Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагында жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө аталган айыл аймагындагы айрым финансылык мыйзам бузууларды

Сын-Таш айылында 64 млн сомдук спорттук комплекс курулду

Сын-Таш айылында 64 млн сомдук спорттук комплекс курулду

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Сын-Таш айылында заманбап спорттук комплекс пайдаланууга берилди. Объект республикалык казынадан каржыланып, анын курулушуна 64 миллион сом жумшалды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, спорттук комплекс эки кабаттуу "А" жана "Б" блоктордон турат. Имараттын жалпы аянты