Мамлекеттик кызматтарды тездетүү боюнча 100 күндүк реформа башталды

Мамлекеттик кызматтарды тездетүү боюнча 100 күндүк реформа башталды

29-июнда "Ынтымак Ордо" резиденциясында өткөн жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 100 күндүк реформалар расмий түрдө башталганын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жаңы демилгелер мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санарипке өткөрүүгө жана кагаз иштерин азайтууга багытталган.

Биринчи этапта финансылык институттардагы күрөөнү алып салуу иштерин жөнөкөйлөтүү каралууда. Учурда мындай операциялар кыймылсыз мүлк менен жүргүзүлгөн бүтүмдөрдүн дээрлик жарымын түзөт. 2026-жылдын биринчи беш айында эле 34 миңден ашык ушундай каттоо жүргүзүлгөнү белгиленди.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, учурдагы негизги көйгөй — банктар менен кыймылсыз мүлктүн мамлекеттик реестринин ортосунда түз санарип маалымат алмашуунун жоктугу.

Бул маселени чечүү үчүн 100 күндүн ичинде “Түндүк” тиркемеси аркылуу күрөөнү алып салууну онлайн каттоо кызматы ишке киргизилет. Жаңы система аркылуу арыздарды аралыктан берүү, ошондой эле банктар тарабынан электрондук кол тамга жана “Е-Нотариат” системасы аркылуу текшерүү жүргүзүү мүмкүн болот. Натыйжада иш мөөнөтү бир нече күндөн беш саатка чейин кыскартылары күтүлүүдө.

Экинчи багыт катары 16 жаштан 23 жашка чейинки студенттердин багуучусунан айрылгандыгы боюнча жөлөкпулдарын жана пенсиялык төлөмдөрдү автоматташтыруу каралды.

Учурда студенттер жыл сайын кагаз түрүндө окууга кабыл алынганын тастыктоого мажбур болуп келет. Бул иш социалдык төлөмдөрдүн кечеңдешине жана кошумча чыгымдарга алып келери белгиленди.

Жаңы система “Түндүк” тиркемеси аркылуу билим берүү мекемелеринин маалымат базаларын Социалдык фонд жана Эмгек министрлигинин системалары менен байланыштырууну карайт.

Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев эки багыт боюнча тең 100 күндүк мөөнөттө натыйжа чыгарууну тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузак районунун Октябрь айылындагы сел каналынын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу 19-октябрда Курулуш министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, курулуш объектисинде долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтердин толук топтому жоктугу жана курулуштун талаптары сакталбагандыгы аныкталды. Мындан улам "Мелио Строй" ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул

Ишкер Media
Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Мектепте башталгыч класстын окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн 14 сом кийинки жылдан тарта 40 сомго чейин көтөрүлүшү сунушталды. Агартуу министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоорго ылайык, бир окуучунун тамактануусуна жылдык чыгым 3144 сомдон 7824 сомго көбөйөт. Бул үчүн бюджеттен кошумча 2 млрд 965 млн 907 миң 100 сом талап

Ишкер Media
Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ош шаарында курулуп жаткан 930 орундуу студенттик жатакананын курулуш аянтчасында топурактын сапатын текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен 19-октябрда маалымдады. Билдирүүгө ылайык, курулуш аянтчасындагы топурактын тыгыздыгы текшерилип, лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөр алынды. Ал сыноолордун жыйынтыгында топурактын физикалык-механикалык мүнөздөмөлөрү аныкталып, анын тыгыздалышынын сапаты ченемдик документтердин талаптарына ылайык бааланат.

Ишкер Media
Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Бүгүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселеси каралды. Комитеттин жыйынында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков кышка даярдык боюнча өзүнө тиешелүү тармактын маалыматын берди. Анын жүрүшүндө депутат Сеидбек Атамбаев электр энергиясын керектөөгө киргизилген чектөөлөр, анын

Ишкер Media