Салык кызматынын лотереясынан 48 катышуучу четтетилди

Салык кызматынын лотереясынан 48 катышуучу четтетилди

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын шарттарын бузгандыгы үчүн 48 катышуучу байгелердин утушуна катышуу укугунан ажыратылды, алар топтогон ID-номерлердин бардыгы жокко чыгарылат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Лотереянын шарттарын жана эрежелерин бузган лотереянын 48 катышуучусу байгелердин утушуна андан ары катышуудан четтетилгендиги жана дисквалификациялангандыгы жөнүндө кабарланды.

Эскерте кетсек, лотереянын шарттарына ылайык, лотереянын операторунун жана уюштуруучусунун кызматкерлеринен тышкары, 18 жашка толгон керектөөчү гана лотереянын катышуучусу боло алат.

«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык, тапшырык берүүгө же сатып алууга ниеттенген же болбосо пайда көрүү менен байланышпаган, жеке (тиричилик) муктаждыктары үчүн гана товарды (ишти, кызмат көрсөтүүнү) тапшырык берүүчү, сатып алуучу же пайдалануучу жаран керектөөчү болуп эсептелет.

Эгерде лотерея системасы четтетилген катышуучунун ID номерин тандаса, анда лотереянын талаптарына жооп бербеген катышуучу катары ал байге алуу укугун жоготот.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун