Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд кубометрден ашты
27-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 80 млн кубометрге жетти. Бул тууралуу маалымат «Электр станциялары» ишканасынын расмий сайтында жарыяланды.
Ишканадан билдиришкендей, суу сактагычка суунун агып кириши агымдан ашат. Суунун агып кириши секундасына 991 м³, чыгымы 383 м³ түзүүдө.
Быйыл Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли былтыркыдан төмөн бойдон калууда.