Бишкекте экинчи скважинаны бургулоо башталды

Бишкекте экинчи скважинаны бургулоо башталды

«Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасы пландалган алты скважинанын экинчисин бургулоого киришти. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Такталгандай, бул скважинанын тереңдиги 200 метр, кубаттуулугу секундасына 65 метр куб сууну, бул секундасына 17 литрди түзөт.

Профсоюз – Нарвск, Л.Толстой – Логвиненко, Жайыл-Баатыр – Чортеков, Ахунбаев – Көк-Жаңгак, Ауэзов – Анкара, Театр аянты даректеринде 6 жаңы скважинаны бургулоо пландалууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Профсоюз жана Нарвс көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы скважина казылган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан  турак жай көлөмү боюнча ЕАЭБде 3-орунду ээледи

Кыргызстан турак жай көлөмү боюнча ЕАЭБде 3-орунду ээледи

2026-жылдын январь–февраль айларында ЕАЭБ өлкөлөрүндө жалпысынан 17 млн 548,4 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилген ЕЭКтин маалыматтарына жүргүзүлгөн талдоодо айтылат. Жалпысынан ЕАЭБ боюнча турак жайды пайдаланууга берүү өткөн жылга салыштырмалуу 27,2%га кыскарган. Ошол эле учурда айрым өлкөлөрдө өсүш байкалган: * Арменияда — 137,6%га; * Казакстанда — 9,

"Ала-Тоо Резортто" заманбап аркан жолу курулуп бүттү

"Ала-Тоо Резортто" заманбап аркан жолу курулуп бүттү

"Ала-Тоо Резорт" туристтик комплексинде аркан жолунун курулушу аяктаганын долбоорду ишке ашыруучулар билдиришти. Алардын маалыматына ылайык, учурда аркан жолу сыноо режиминде ишке киргизилип, тестирлөөдөн өтүп жатат. Инфраструктурада аркан жолун иштетүү жана башкаруу үчүн үч станция каралган. Объекттин узундугу 2 миң 280 метрди түзөт. Аркан жолунун курамына үч станция кирет.

ЕФСР Кыргызстан экономикасынын 2026-жылга өсүү божомолун жогорулатты

ЕФСР Кыргызстан экономикасынын 2026-жылга өсүү божомолун жогорулатты

Евразиялык стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунун (ЕФСР) аналитиктери Кыргызстан боюнча макроэкономикалык божомолду жогорулатышты. Алардын күтүүсүнө ылайык, 2026-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДП) 8,3% өсүп, болжол менен 2 трлн 334,8 млрд сомго жетет. 2026-жылы экономиканын ылдам өсүшүнүн негизги фактору фискалдык стимулдардын кеңейиши болот. Мамлекет социалдык чыгымдарды көбөйтөт: бюджет кызматкерлеринин айлык

Кыргызстандын электромобилдерди импорттоо квотасынын 43%ы колдонулду

Кыргызстандын электромобилдерди импорттоо квотасынын 43%ы колдонулду

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылга карата электромобилдерди импорттоо боюнча квота 42,96%га аткарылды. Башкача айтканда, Кыргызстанга 6 444 унаа алып келинген. Маалымат үчүн, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында Кыргызстан үчүн жыл сайын 15 000 электромобилге квота каралган. Бул квотадан 8 556 унаага гана орун калды дегенди билдирет. Кыргызстандын экономика,