Ошто ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат

Ошто ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов муниципалдык ипотекалык компаниясы тарабынан салынып жаткан үйлөрдүн курулушу менен жеринен таанышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, Жетигенов Набережная көчөсүндө 9 кабаттан турган 106 батирлүү үйдүн жана Тилеке-Баатыр көчөсүндө 12 кабаттан турган 100 батирлүү үйдүн курулуш иштерин көрүп чыкты.

Долбоордун негизинде аталган үйлөрдүн айланасы жана ага чектеш аймак көрктөндүрүлүп, балдар аянтчаларын, унаа токтотуучу жайларды куруу каралган.

Бардык жумуштар белгиленген графике ылайык жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Балык уулоо үчүн баалар төмөндөтүлөт

Балык уулоо үчүн баалар төмөндөтүлөт

Президенттин Ысык-Көлдө балыкчылар менен жолугушуусунда берилген тапшырманы ишке ашыруунун алкагында Балык өнөр жайы комплекси департаменти спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого байланыштуу төлөмдөрдү төмөндөтүүнү караган токтом долбоорун иштеп чыгып, макулдашууга жөнөттү. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоордун негизги максаты – балык уулоону сүйүүчүлөр үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу шарттарды

Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандарга  айып пул салынды

Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандарга айып пул салынды

22-июндан 26-июнга чейин Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Экологиялык жана техникалык кызматтын маалыматына ылайык, рейддердин негизги максаты – жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу, мыйзам бузууларды аныктоо, алдын алуу жана аларга бөгөт коюу

Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Синоптиктер Бишкек шаары жана Чүй облусунда катуу шамал болорун эскертишти. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жакынкы бир саат ичинде борбор калаада жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 – 20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Жарандарга коопсуздук чараларын сактоо сунушталат: бак-дарактарга, жарнама такталарына жана электр берүү линияларына жакын барбоо,

Бишкекте жаңы жол куруу пландалууда

Бишкекте жаңы жол куруу пландалууда

Бишкек шаарында Чоң Чүй каналынын жээги боюнча Үсөнбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки тилкеде жаңы жол куруу жана жөө жүрүүчүлөр үчүн эс алуу аймагын уюштуруу пландалууда. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоорду ишке ашыруунун алкагында курулуш иштерине тоскоолдук жараткан объектилер буздурулду.  Анын ичинде: 1 жеңил типтеги объект; 9