«Тазалыкта» атайын техникаларды сатып алууда мамлекетке 8 млн сомдук зыян келтирилген

«Тазалыкта» атайын техникаларды сатып алууда мамлекетке 8 млн сомдук зыян келтирилген

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасына 5 даана атайын техникаларды сатып алууда мыйзамсыз келишим түзүлүп мамлекетке 8 млн сомдук зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Тактап айтканда, ишкананын тендердик комиссиясы орточо базар бааларын изилдебестен жана реалдуу бааны аныктабастан, 2022-жылдын сентябрь айында «Г» ЖЧКсы менен 5 даана атайын техникаларды сатып алууга келишимди түзүү боюнча чечим кабыл алган. Бирок, аталган коом келишим түзүүдөн баш тарткандыгына карабастан, «Тазалык» ишканасы ага 466 миң сомдук сунуштун кепилдик камсыздоосун мыйзамсыз кайтарып берген.

Ал эми, 2022-жылдын 5-октябрында «Тазалыктын» мурдагы директору Нурлан Касымов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып атайын техникаларды «K» ЖЧКсынан 4 млн 573 миң сомго жогорулатылган баа менен мыйзамсыз сатып алган. Ошондой эле, коом келишимде каралган алып келүү мөөнөтүн бузгандыгы боюнча 3 млн 10 миң 500 сом өлчөмүндөгү айып пул өндүрүлбөгөн.

Натыйжада, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө 8 млн 49 миң 500 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 339-беренеси (“Билип туруп пайдасыз келишим түзүү”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Пакистандын логистикалык кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Пакистандын логистикалык кызматташтыгы талкууланды

16-июнда Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков  Кыргызстандагы Пакистандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолугушуп, транспорттук-логистикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Экономика жана коммерция министрлигинин басма соз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар 2025-жылдын 3–4-декабрында президент Садыр Жапаровдун Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” 253 млн 885 миң сомдон ашуун компенсация төлөп берди

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” 253 млн 885 миң сомдон ашуун компенсация төлөп берди

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” Коргоо министрлигине 253 885 310 сом өлчөмүндө камсыздандыруу компенсациясын төлөп берди. Камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, бул төлөм 2025-жылы Жеңиш чокусунун аймагында куткаруу операциясын аткаруу учурунда жабыркаган Ми-8 тик учагы боюнча жүргүзүлдү. Тик учак 2024-жылы камсыздандырылган. Бул – Кыргызстандын камсыздандыруу тарыхындагы авиациялык окуя боюнча эң ири

Президенттик админстрацияда катчылык кызматы түзүлөт

Президенттик админстрацияда катчылык кызматы түзүлөт

Президент Садыр Жапаров президенттин администрациясынын ишин өркүндөтүүгө багытталган жаңы жарлыкка кол койду. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиргендей, документке ылайык, администрациянын түзүмүнө жана штаттык курамына бир катар өзгөртүүлөр киргизилет. Жарлык менен мамлекеттик кызмат орундарынын айрым аталыштары такталып, президенттин администрациясынын курамына катчылык институту расмий киргизилди.  Ошондой эле Администрациянын жаңыланган түзүмү жана

Депутат жарандарга берилүүчү насыя пайыздарын кайра кароону сунуштады

Депутат жарандарга берилүүчү насыя пайыздарын кайра кароону сунуштады

Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин 16-июндагы жыйынында Улуттук банктын 2025-жылдагы иши жөнүндө отчету каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Жыйында баяндама жасаган Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков өлкөнүн 2025-жылдагы акча-кредит саясатынын негизги көрсөткүчтөрүнө токтолду. Талкуу маалында эл өкүлү Айсаракан