Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты.

Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды колдонуу маселелери каралды.
Өзүнчө сессия расмий статистикада жасалма интеллектти колдонуу келечегине арналды. Аналитикалык сервистерди өнүктүрүү, экономикалык тобокелдиктерди баалоо жана статистикалык методология менен иштөө үчүн анын мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Маалыматтарды натыйжалуу пайдалануунун негизи катары алардын сапатына, жеткиликтүүлүгүнө жана салыштырмалуулугуна өзгөчө көңүл бурулду.

Катышуучулар калк статистикасында мобилдик байланыш операторлорунун маалыматтарын, ал эми айыл чарба тармагында спутниктик мониторингди колдонуу тажрыйбасы менен бөлүштү.

Тараптар статистикалык маалыматтардын сапатын жогорулатуу, эл каттоолордун жыйынтыктарын административдик маалыматтар менен айкалыштыруу, экономикалык тобокелдиктерди баалоодо жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу маселелерин талкуулашты.

Форумда Бактыбек Кудайбергенов “Кыргыз Республикасынын расмий статистикасынын заманбап тутумун калыптандырууда административдик маалыматтар” деген темада баяндама жасады.

Иш-чаранын алкагында улуттук эсептер тутумун өркүндөтүү, өлкөлөрдүн экономикаларын салыштыруу жана статистика тармагындагы адистердин кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүү маселелери да ортого салынды.

Иш-чараларга катышуу Улутстаткомго улуттук тажрыйбаны сунуштоого жана Кыргыз Республикасында статистикалык процесстерди андан ары санариптештирүү жана административдик, ошондой эле альтернативдик маалымат булактарын колдонууну кеңейтүү үчүн кызыгуу туудурган башка өлкөлөрдүн тажрыйбалары менен таанышууга мүмкүндүк берди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media
2027-жылдын 1-февралына чейин Кыргызстанда алманын импортуна тыюу салуу сунушталды

2027-жылдын 1-февралына чейин Кыргызстанда алманын импортуна тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда ата мекендик багбанчылык чарбаларын колдоо максатында алманы импорттоого убактылуу тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, үчүнчү өлкөлөрдөн жана ЕЭБ мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга алма алып келүүгө 2027-жылдын 1-февралына чейин чектөө киргизүү каралган. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө мөмө берүүчү алма бактарынын аянты

Ишкер Media
Караколдо бетон заводун куруу боюнча конкурс жарыяланды

Караколдо бетон заводун куруу боюнча конкурс жарыяланды

Каракол шаарынын мэриясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында товардык бетон жана темир-бетон буюмдарын өндүрүүчү заманбап завод куруу долбоору боюнча конкурска катышууга чакырат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Долбоордун максаты – шаардагы курулуш жана инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде жаңы пляжды куруу жана инфраструктураны жаңылоо иштерин курулуш материалдары менен камсыз кылуу.

Ишкер Media