Көк-Жар конушунда бала бакчанын курулушу уланууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Көк-Жар конушунун Молдокулов көчөсүндө 280 орундуу бала бакчанын курулушун улантууда.

Мектепке чейинки мекеме эки кабаттуу. Имараттын жалпы аянты - 2927 чарчы метр. Ал эми жердин аянты - 0.8 га.

Имаратта, кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле машыгуу залы, музыкалык зал каралган.

Учурда 1-кабаттын каркасы толук бүттү. 2-кабаттын колонналарынын монолити даярдалууда. 1-кабаттын ички жана тышкы дубалдарын кыш менен тургузуу иштери башталды.

“Эталон Вин Спец Строй” ЖЧКсы подряддык уюм иш алып барууда.