Ноокат РЭТинде пландын негизинде ремонт иштери жүргүзүлүп жатат

Ноокат РЭТинде пландын негизинде ремонт иштери жүргүзүлүп жатат

Ноокат райондук электр тармактарында жалпы 8 бөлүм бар. Учурда, 3000ден ашуун кожолукту электр энергиясы менен камсыздаган Кулатов бөлүмүндө капиталдык оңдоо иштери аткарылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Бул жылга пландын негизинде 10 трансформатор каралган. Азыркы тапта 6-трансформатор техникалык кароодон өткөрүлүп жаткан кези.

Бөлүмдө 2фидер менен тейлеген 1 жогорку чыңалуудагы Абшыр аба чубалгысы, 6 кВтук Абшыр-Ата аба чубалгысы бар. Линиянын узундугу 69 кмди түзөт.

Ноокат райондук электр тармактарынын карамагында 906 трансфарматор болсо,  713км жогорку чыңалуудагы аба чубалгысы жана  618 км 0.4 кВтук аба чубалгысын тейлейт. Ал эми 56000дей керектөөчүнү электр энергиясы менен камсыздайт.

Мындан тышкары окуңуз

Балык уулоо үчүн баалар төмөндөтүлөт

Балык уулоо үчүн баалар төмөндөтүлөт

Президенттин Ысык-Көлдө балыкчылар менен жолугушуусунда берилген тапшырманы ишке ашыруунун алкагында Балык өнөр жайы комплекси департаменти спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого байланыштуу төлөмдөрдү төмөндөтүүнү караган токтом долбоорун иштеп чыгып, макулдашууга жөнөттү. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоордун негизги максаты – балык уулоону сүйүүчүлөр үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу шарттарды

Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандарга  айып пул салынды

Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандарга айып пул салынды

22-июндан 26-июнга чейин Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Экологиялык жана техникалык кызматтын маалыматына ылайык, рейддердин негизги максаты – жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу, мыйзам бузууларды аныктоо, алдын алуу жана аларга бөгөт коюу

Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Синоптиктер Бишкек шаары жана Чүй облусунда катуу шамал болорун эскертишти. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жакынкы бир саат ичинде борбор калаада жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 – 20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Жарандарга коопсуздук чараларын сактоо сунушталат: бак-дарактарга, жарнама такталарына жана электр берүү линияларына жакын барбоо,

Бишкекте жаңы жол куруу пландалууда

Бишкекте жаңы жол куруу пландалууда

Бишкек шаарында Чоң Чүй каналынын жээги боюнча Үсөнбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки тилкеде жаңы жол куруу жана жөө жүрүүчүлөр үчүн эс алуу аймагын уюштуруу пландалууда. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоорду ишке ашыруунун алкагында курулуш иштерине тоскоолдук жараткан объектилер буздурулду.  Анын ичинде: 1 жеңил типтеги объект; 9