Сокулук РЭТинде аба чубалгыларын монтаждоо иштери жүрүүдө

Сокулук РЭТинде аба чубалгыларын монтаждоо иштери жүрүүдө

Чүй электр тармактар ишкансынын Сокулук РЭТинин электр куроочулары Сокулук районунун Манас айылында керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында жана 2023-жылга карата пландалган иштердин алкагында СИП-2 аба чубалгыларын монтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

2023-жылга пландалган 18 чакырым аба чубалгынын 9,5 чакырымы тартылып бүттү.

СИП-2 аба чубалгыларын монтаждоо иштери менен Сокулук районунун бир катар айылдарын электр энергиясы менен камсыздоо жакшырат жана ар кандай авариялык өчүрүүлөр азаят. Кызматыбыз эл үчүн!

Мындан тышкары окуңуз

Жалал облустук милициянын башчысынын орун басары кармалды

Жалал облустук милициянын башчысынын орун басары кармалды

Жалал-Абад облустук ички итер башкармалыгынын орун басары К.К.И жана Т.А.Ж. аттуу тергөөчү кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымат таратты. Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери 170 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалган. Кылмышка шектүүлөр, козголгон кылмыш ишин токтотуу үчүн 2 миң доллар талап кылган. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу

Дүйнө жүзүндө 2027-жылдын аягында дагы 4 млн адам качкынга айланышы ыктымал

Дүйнө жүзүндө 2027-жылдын аягында дагы 4 млн адам качкынга айланышы ыктымал

Дүйнө жүзү боюнча согуштар жана гуманитардык жардамдын кыскарышына байланыштуу келерки жылдын аягында дагы 4 миллиондон ашуун киши качкынга айланышы ыктымал экенин Reuters агенттиги Дания кеңешинин качкындар менен иштеген башкы катчысы Шарлотта Слентенин айткандарына таянып жазды. Эл аралык Кызыл жарым ай комитетинин эсебинде, дүйнө жүзүндө өз турак жайын таштап кетүүгө аргасыз

Улуттук банк алтынчы ирет интервенция менен чыгып, 168 млн доллар сатты

Улуттук банк алтынчы ирет интервенция менен чыгып, 168 млн доллар сатты

КРнын Улуттук банкы 16-апрелде быйылкы жылдын эсеби менен валюта рыногунда алтынчы ирет интервенция жасап, 168 млн доллар сатты. Бул сумманын 111.4 млн доллары бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен ишке ашырылса, 56.6 млн доллары бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен сатылган. Көлөмүнүн ирилиги боюнча жыл башынан берки интервенциялардын

Башкы прокуратура 91 млн сомдон ашык мыйзамсыз салыкты аныктады

Башкы прокуратура 91 млн сомдон ашык мыйзамсыз салыкты аныктады

Башкы прокуратура 91 млн сомдон ашык суммада мыйзамсыз салык эсептелген фактыларды аныктады. Салык органдарынын кызмат адамдары тарабынан "Б" ЖЧКсына карата жүргүзүлгөн салык текшерүүсүндө мыйзам бузуулар аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө салык мыйзамдарын одоно бузуу фактылары, так эмес маалыматтарды колдонуу, товардык-материалдык калдыктарды аныктоодо кетирилген каталар, ошондой эле кошумча нарк салыгын мыйзамсыз