Аргентинанын жана Испаниянын белгилүү блоггерлери Кыргызстан жөнүндө айтып беришет

2023-жылдын 24-июлунан 1-августуна чейин Аргентинанын жана Испаниянын белгилүү блоггерлери КРда инфотурун баштады. Бул тууралуу Туризм департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, София Макарена Прадо жана Даниэль Бургос Субирана кесипкөй кабарчылар жана фотографтар, алардын миссиясы дүйнө жүзү боюнча эң кооз туристтик жерлерди көрсөтүү жана өздөрүнүн #HalfOfTheWorld (Дүйнөнүн бөлүгү) долбоорун ишке ашыруу.

Долбоордун авторлору Кыргыз Республикасын өлкөнүн көптөгөн уникалдуу туристтик маршруттары жана көчмөндөр жашаган жери бар экендигин эске алуу менен тандап алышкан. Башка өлкөлөрдөн тышкары, София жана Даниэль өзүнүн треккинг варианттары менен Кыргызстанды Азияда жаңыдан өнүгүп келе жаткан туристтик аймак катары таанытууну көздөшөт.

София Прадо – Mustique Magazine, Newsweek Аргентина, Magazine, Row One, E mag сыяктуу дүйнөгө белгилүү медианын, ошондой эле туристтик тажрыйбага байланыштуу онлайн платформалардын кабарчысы.

Кыргызстандагы кооз жерлери тууралуу материалдар кабарчылар иштеген бардык белгилүү журналдарда жарыяланат.