Энергетиктерге бардык шарттар түзүлүп, оңдоп-түзөө иштерине тиешелүү жабдуулардын баары бар – энергетика министри

Энергетиктерге бардык шарттар түзүлүп, оңдоп-түзөө иштерине тиешелүү жабдуулардын баары бар – энергетика министри

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Чүй электр тармактар ишканасынын Аламүдүн РЭТине барды. Бул тууралуу министрлик кабарлады.

Министр Аламүдүн РЭТинин алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты жана ишкана кыш мезгилинде авариялык өчүрүү орун алса, керектүү болгон аба чубалгылары, трансформатор жана керектүү жабдуулар менен камсыз болгондугуна күбө болду.

Министр Чүй электр тармактар ишканасынын жетекчилигине алдыдагы күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштерин өз убагында бүтүрүүнү жана  сапаттуу жасоону тапшырды.

"Бүгүнкү күндө энергетиктерге баардык тиешелүү шарттар түзүлүп,  оңдоп-түзөө иштерине керектүү жабдуулардын баары бар. Болгону жоопкерчиликтүү иш алып баргыла! Калкты үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу энергетиктердин башкы милдети экендигин унутпагыла. Биз баардык энергокомпанияларды техника, керектүү жабдуу менен камсыз кылганга болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Эмне керек болсо, азыртадан кайрылгыла. Маселени убагында чечели" - деди Ибраев.

Мындан тышкары окуңуз

Барскоон – Бедел жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү

Барскоон – Бедел жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Барскоон – Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция" мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жаңы дирекция Барскоон – Бедел унаа жолун куруу долбоорун ишке ашырууну уюштуруучу жана координациялоочу ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. Министрлер кабинетинин төрагасы А.Касымалиевдин тескемесине ылайык, мамлекеттик мекеменин башкы

Улуу Жибек жолу поезди менен Европадан, АКШдан 60тан ашуун турист Бишкекке келди

Улуу Жибек жолу поезди менен Европадан, АКШдан 60тан ашуун турист Бишкекке келди

Бишкек шаарына Германиянын туроператору Lernidee Erlebnisreisen GmbH уюштурган эл аралык туристтик поезд келди. Поезд Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу өткөн Улуу Жибек жолу багыты менен жүрөт. "Кыргыз темир жолунун" маалыматына ылайык, поезд 6-апрелде "Бишкек-2" темир жол бекетине келип токтоду. Анын курамында 12 ыңгайлуу вагон бар. Поездде Батыш

Камсыздандыруу рыногунда бирдиктүү мамлекеттик реестр киргизилет

Камсыздандыруу рыногунда бирдиктүү мамлекеттик реестр киргизилет

2026-жылдын 3-апрелинде КРнын Министрлер Кабинети тарабынан №219 токтом кабыл алынып, актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби бекитилди. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынан кабарлашты. Жаңы ченемдик укуктук акт камсыздандыруу рыногун жөнгө салууну жакшыртууга, анын ачыктыгын жогорулатууга жана тармактагы кесипкөй катышуучулардын ишине мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө

Таласта эт баасын жогорулаткан соода түйүндөрүнө айып салынды

Таласта эт баасын жогорулаткан соода түйүндөрүнө айып салынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү эттин баасын мамлекеттик жөнгө салуу боюнча мониторинг жүргүздү. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, текшерүү 2026-жылдын 3-апрелинде өткөрүлүп, ага жергиликтүү бийлик, салык кызматы, ички иштер органдары жана ЖМК өкүлдөрү катышты. Мониторинг Талас шаарынын борбордук базарынын аймагында, ошондой эле "Алтын Казык" жана "