Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы эскиздик долбоорлорго туура келбеген кире бериш топторду, ошондой эле уруксаты жок кошумча курулуштарды демонтаждоону улантууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Башкармалыктын кызматкерлери «Тазалык» МИнын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда.

Алсак, Байтик Баатыр жана Кулатов көчөсүнөн баштап 8-кичи районунун 3 а дарегине чейин жалпы 178 объект буздурулуп, анын ичинде 5 капиталдык курулуш, 69 бастырма, кире бериш топтор жана 103 жарнамалык конструкциялар алынган.

Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүгөндөн кийин уруксат берилбеген объектилердин ээлери өз ыктыярлары менен бузуу иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотуулардан, ошондой эле  мыйзам бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан бошотуу боюнча буга чейин эскертүү кагаздары берилген.

Мындан тышкары окуңуз

Майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматка иштөөсүнө жол ачылды

Майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматка иштөөсүнө жол ачылды

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик кызматка кирүүсүнө шарт түзүлөт. Мыйзам менен “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкекте муздак суунун баасы көтөрүлдү. Бул чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алды. Маалыматка ылайык, суунун бир куб метринин баасы 10,45 сомдон 15,73 сомго чейин, ал эми канализация үчүн 3,45 сомдон 6,80 сомго чейин көтөрүлдү. Бишкек шаардык кеңешине суу менен камсыздоо тарифтерин көтөрүү сунушун борбор калаанын мэриясы

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

Талас облусунун Манас районунда жайгашкан “Чон-Капка – автожол” автомобиль өткөрүү пунктунда комплекстүү оңдоо иштери аяктады. Маалыматка ылайык, “Чон-Капка – автожол” өткөрүү пунктунун оңдолушу менен жарандардын транспорт каражаттары аркылуу мамлекеттик чек арадан өтүү шарттары жакшырды. Ошондой эле көзөмөлдөөчү органдардын иштөөсү үчүн заманбап инфраструктураны түзүү максатында жүргүзүлдү. Долбоорду ишке ашырууга жалпы 70

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

26-июнда Бишкек шаарында Алматы – Бишкек экономикалык коридору демилгесинин алкагында Кыргызстан менен Казакстандын туризм боюнча биргелешкен жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин кызматкерлери, Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин, Казакстандын Туризм