Соцфонддо 536.8 млн сомдук финансылык тартип бузуулар аныкталды

Соцфонддо 536.8 млн сомдук финансылык тартип бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасы тарабынан Социалдык фондунун 2022-жыл аралыгына карата бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктарынын натыйжасында төмөндөгү финансылык тартип бузуулар, бюджеттин резервдери жана жоготуулары, натыйжасыз пайдалнылган каражаттар аныкталды.  

Мекеменин маалыматына ылайык,  2022-жылдын бюджетин аткарууда 536.8 млн сомдук финансылык тартип бузуулар аныкталды,  анын ичинен 351.5 млн сом ордуна коюлууга тийиш болсо ордуна коюлганы 349.4 млн сомду түздү. Анын ичинен:

• республикалык бюджетке кайтарууга тийиш болгон каражаттар боюнча 349.4 млн сом, ордуна коюлган;

• тастыктоочу документтерсиз төлөнгөн иш сапар чыгымдар боюнча 14.7 миң сом, ордуна коюлду;

• республикалык бюджетке  кайтарууга тийиш болгон каражаттардын калдыгына күнүмдүк калдыктарына эсептелген пайыздар түрүндө алынган 2.1 млн. сом киреше ордуна коюлган эмес.

Эмгек акыларга негизсиз төлөөлөр 8.1 млн сом, анын ичинен:

• кызмат ордуна тийиштүү тартипте аттестация жүргүзбөй туруп төлөнгөн зыяндуулук үчүн төлөмдөр 2.7 млн. сом;

• кызматкерлердин эмгек өргүүсү үчүн төлөөдөгү финансылык бузуулар 5.4 млн. сом;

• республикалык бюджеттен каржыланган каражаттарды пайдаланууда «Банктык тейлөө төлөмдөрү» беренесине тиешелүү болгон пенсия жана жөлөкпулдарды жеткирүүгө «Кыргызпочтасы» МИ жана коммерциялык банктарга төлөнгөн чыгымдар өзүнчө каралбастан 177 млн сомго «Социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпул» беренеси боюнча каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлгөн.  

Мындан тышкары окуңуз

Социалдык жөлөк пул алуучуларга 10 айда 7,2 млн сом жумшалды

Социалдык жөлөк пул алуучуларга 10 айда 7,2 млн сом жумшалды

Кыргызстанда 1-ноябрга карата 108,4 миң адам ар ай сайын социалдык жөлөк пул алат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирүүсүнө таянып, “Кабар” агенттиги жөлөк пул алуучулардын саны 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (108,7 миң) 2%га азайганын жазды. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул төмөндөгү категориядагы адамдарга берилет: * 18

Эң көп жана эң аз добуш алган айым депутаттар

Эң көп жана эң аз добуш алган айым депутаттар

БШК парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыгын жарыялады. Андагы маалыматтарга ылайык, эң көп эң аз добуш топтогон айымдардын тизмесин көрүүгө болот. Добуштарды эсептөө толук аягына чыга электигине байланыштуу бул көрсөткүчтөр өзгөрүлүшү да мүмкүн. Мыйзам боюнча 30 шайлоо округунан бирден аял депутат болгондо парламентке 30 аял келиши керек.  ·       №23 округ - Элвира Сурабалдиева

Жогорку Кеңешке өткөн депутаттардын эң улуусу 69, эң кичүүсү 25 жашта

Жогорку Кеңешке өткөн депутаттардын эң улуусу 69, эң кичүүсү 25 жашта

Кыргызстан парламентине өткөн 90 депутаттын  болжолдуу түзүлгөн тизмеси боюнча VIII чакырылыштагы депуттардын эң улуусу 69 жаштагы Гүлай Машрапова болду. Ал 1956-жылы Кара-Суу районунун Большевик айылында жарык дүйнөгө келген.  Мурда Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүндө эмгектенген Г. Машрапова БШКга пенсионер катары арыз таштаган.  Жогорку Кеңеш регламентинин 8-беренесинин 2-пункту боюнча ЖК төрагасы

Саламаттык сактоо министрлигине СЧЭ боюнча ыйгарым укуктары берилет: бизнес, жарандар үчүн  эмне өзгөрөт?

Саламаттык сактоо министрлигине СЧЭ боюнча ыйгарым укуктары берилет: бизнес, жарандар үчүн  эмне өзгөрөт?

Кыргызстанда санитардык ченемдер жана эрежелер (СЧЭ) мындан ары МинКаб тарабынан бекитилбей  Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилет. Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институтунун директору Аяз Жаркынбаевдин айтымында, бул чечим бюрократиялык процедураларды жөнөкөйлөтүүгө жана нормаларды тез жаңылоого багытталган. Санитардык нормалар жана эрежелер — бул техникалык талаптарды камтыган өзүнчө нормативдик документтер.