Аткаминерлер ар кандай түрдөгү көмүрдү сатуу боюнча коррупциялык схема уюбштурганы аныкталды

Аткаминерлер ар кандай түрдөгү көмүрдү сатуу боюнча коррупциялык схема уюбштурганы аныкталды

2023-жылдын 11-сентябрында КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн кызмат адамдарынын аракеттеринде ишкердиктин субъекттерине жүк ташуу документтеринде базар баасынан 3-5 эсе төмөн бааны көрсөтүү менен түрдүү сорттогу (БК, БР, БСШ и БШ) көмүрдү сатууда жана экспорттоодо көмөк көрсөтүү боюнча коррупциялык схемалар аныкталды, анын натыйжасында өзгөчө ири өлчөмдөгү салык жана бажы төлөмдөрү өлкө бюджетинин киреше бөлүгүнө системалуу түрдө түшпөй турган.

Ыкчам-издөө иш-чаралар төмөнкү активдүү ишкердиктин субъекттеринде жүргүзүлдү:

- “Ак-Булак Көмүр” ЖЧКсы – Сүлүктү шаарынын экс-мэри, жергиликтүү кеңештин депутаты 1963-жылы туулган “Х.А.Д.”;

- “Кен-Ордо” ЖЧКсы - 1974-жылы туулган “Н.А.Б.”;

- “Нур” ЖЧКсы – Сүлүктү шаарынын экс-мэри, жергиликтүү кеңештин депутаты 1960-ж.т. “А.Р.Э.”;

- “Рио Групп” ЖЧКсы - 1964-жылы туулган “А.И.Р.”;

- “Нуркен” ЖЧКсы – 1979-жылы туулган “Ш.З.А.”;

- “Ахмад-Кен” ЖЧКсы – Сүлүктү шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаты, 1971-жылы туулган “А.Б.А.”;

- “Ормон” ЖЧКсы – 1982-жылы туулган “К.А.Т.”;

- “Кен-Сити” ЖЧКсы – 1989-жылы туулган “А.А.Х.”;

- “Сары Челек Сүлүктү” ЖЧКсы – 1975-жылы туулган “К.М.”;

- Мамлекеттик салык кызматынын Сүлүктү шаары боюнча башкармалыгы, ишкердиктин субъекттеринин чарбалык ишмердигин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык органынын чечимдери жана башка тиешелүү документтер алынган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында журналдар, келишимдер, квитанциялар, видеокөзөмөл камераларынын дисктери алынынып, алар учурда кошумча изилденип, талдоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле, ошол эле учурда “Кызыл-Кыя – автожол”, “Кызыл-Кыя – темир жол” көзөмөл-өткөрүү постторунда, бажы терминалында, Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош филиалдарында, 3 алмашуу бюросунда, “Спорттук общак” деп аталгандын мүчөлөрүнүн жашаган жеринде жана 6 коммерциялык уюмда кармоо жана тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетчү нерсе, жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында экспорттук декларацияны даярдоо үчүн ишкердиктин субъекттери “МБанк” мобилдик тиркемеси аркылуу ортомчуларга 300 АКШ долларын төлөп, андан кийин “Спорттук общактын” мүчөлөрүнө 1 миңден 2 миң сомго чейин берип Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары тоскоолдуксуз чыгып жүрүшкөнү аныкталды.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын расмий маалыматы боюнча, 2023-жылдын 1-январынан 27-июлуна чейинки аралыкта Баткен облусундагы көмүр шахталарынан коңшу мамлекеттерге 318 миң тоннадан ашык ар кандай сорттогу көмүр экспорттолгон, ага байланыштуу, активдүү экспорттонун негизинде  Кыргыз Республикасында көмүрдүн баасы жогорулаган.

Жыйынтыгында, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында төмөндөгүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди:

- Баткен бажысынын “Кызыл-Кыя-Авто жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун текшерүү тобунун инспектору, 1977-жылы туулган К.И.К.;

- “Баткен” бажысынын “Кызыл-Кыя” темир жолунун материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн инспектору, 1990-жылы туулган С.у.К.;

- КР Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн  башчысы, 1981-жылы туулган Б.Э.Ю.;

- “Имамидинов Экспорт” ЖЧКсынын жетекчиси, 1975-жылы туулган Т.К.И.;

- “А.Б.Б.” жеке ишкердин негиздөөчүсү, 1986- жылы туулган А.Б.Б.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматка иштөөсүнө жол ачылды

Майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматка иштөөсүнө жол ачылды

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик кызматка кирүүсүнө шарт түзүлөт. Мыйзам менен “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкекте муздак суунун баасы көтөрүлдү. Бул чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алды. Маалыматка ылайык, суунун бир куб метринин баасы 10,45 сомдон 15,73 сомго чейин, ал эми канализация үчүн 3,45 сомдон 6,80 сомго чейин көтөрүлдү. Бишкек шаардык кеңешине суу менен камсыздоо тарифтерин көтөрүү сунушун борбор калаанын мэриясы

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

Талас облусунун Манас районунда жайгашкан “Чон-Капка – автожол” автомобиль өткөрүү пунктунда комплекстүү оңдоо иштери аяктады. Маалыматка ылайык, “Чон-Капка – автожол” өткөрүү пунктунун оңдолушу менен жарандардын транспорт каражаттары аркылуу мамлекеттик чек арадан өтүү шарттары жакшырды. Ошондой эле көзөмөлдөөчү органдардын иштөөсү үчүн заманбап инфраструктураны түзүү максатында жүргүзүлдү. Долбоорду ишке ашырууга жалпы 70

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

26-июнда Бишкек шаарында Алматы – Бишкек экономикалык коридору демилгесинин алкагында Кыргызстан менен Казакстандын туризм боюнча биргелешкен жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин кызматкерлери, Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин, Казакстандын Туризм