Бишкектин жолдорунда кароосуз калган унаалар алынат

Бишкектин жолдорунда кароосуз калган унаалар алынат

Акыркы убакта шаар тургундарынан жолдо, короо-сарайларда, унаа токтотуучу жайларда, өзгөчө техникалык тейлөө станцияларынын (СТО) жанында кароосуз калган унаалар боюнча кайрылуулар көбөйдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, Биринчи май районунда №15 МАБнын кызматкерлери Волков көчөсүндө П.Лумумба көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки бөлүктө кароосуз калган, туура эмес жерде токтогон унаалардын ээлерине жана техникалык тейлөө станцияларынын ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, 13 унаанын ээсине  билдирүү таратылып, унааларга эскертүүлөр чапталган.

Кошумчалай кетсек, бул көчөнүн боюнда тейлөө станциялары көп жайгашкан. Ошентип, билдирүүнү алгандан кийин ыйгарым укуктуу орган беш күндүк мөөнөттө транспорттук каражатты эвакуациялоону жүзөгө ашырат, ал эми эвакуатордун жана унаа токтотуучу жайлардын чыгымдарын кыймылдуу мүлктүн ээлери көтөрөт.

Белгилей кетсек, бул чаралар муниципалдык жерлерди жана имараттарды инвентаризациялоого, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" Кодексинин 188-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлүүдө.

Суроолор боюнча №15 МАБга кайрылсаңыздар болот, дареги:  Кайназарова көч.,102, байланыш телефону: 0(702) 222 827.

Мындан тышкары окуңуз

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” эл аралык аба майданына барчу жолду оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 650 карагай жана 20 туя көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ишканасынан билдирди. Компаниянын маалыматында, долбоор ишке ашкан сайын бак-дарактарды көчүрүү иштери улантылат жана мындан ары бак-дарактарды кыюу пландалбаганын такташты. Компания жолду оңдоо иштери Бишкек шаардык мэриясы

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге ай сайын берилүүчү кошумча төлөмдү 5000 сомго жеткирүү сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев журналисттер үчүн өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, тиешелүү мыйзам долбоорунун алкагында баатыр энелерге төлөмдөрү бирдей суммада болот. Учурда пенсия курагындагы баатыр энелер 1000 сом, ал эми жөлөк пул алгандар 3000 сом

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү өсүп, QR-код аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын саны жана көлөмү рекорддук көрсөткүчтөргө жеткен. Бул тууралуу Улуттук банктын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча маалыматта белгиленген. Билдирүүлөргө караганда, былтыркы жылы 2024-жылга салыштырмалуу QR-код аркылуу жүргүзүлгөн акча которуулардын саны 8,1 эсеге көбөйүп, 525,1 млн операцияны

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

25-июнда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы жыйынтыкталды. Жыйын Кыргызстандын гимни менен аяктады. Баш мыйзамдын 83-беренесине, Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат. Парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдиргендей, сессиянын жүрүшүндө