«Манас» эл аралык аэропорту өзүнүн Dash-8-400 учагын сатып алды

«Манас» эл аралык аэропорту биринчи жолу өз эсебинен эки учак сатып алуу келишимине кол койду. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Dash-8-400 үлгүсүндөгү учак келишимине расмий кол коюу аземи 10-сентябрда Брюсселде De Haviland Aircraft of Canada өндүрүүчү компаниясы менен болду.

De Haviland Aircraft of Canada компаниясы эки учакты келерки жылдын май айында жеткирип бермекчи. Бул мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен жана Кыргызстандын жарандык авиациясынын талаптарына ылайык аларды модификациялоо боюнча иштер жүргүзүлөт.

Учактарды алуу менен «МЭА» ААК социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган, алардын ичинен ички каттамдардагы авиабилеттердин жеткиликтүүлүгүнө жана баасына байланыштуу маселелерге артыкчылык берилет.