“Кыргыз камволдук-нооту комбинаты” мамлекетке өткөрүлдү – кылмыш иште “Аю” холдинги аталды

“Кыргыз камволдук-нооту комбинаты” мамлекетке өткөрүлдү – кылмыш иште “Аю” холдинги аталды

“Кыргыз камволдук-нооту комбинаты” ААКнын мүлкүн күрөөлүктөн жеке колго мыйзамсыз өткөрүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

тергөөнүнУКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында “Кыргыз камволдук-нооту комбинаты” ААКсынын (мындан ары - ККНК), азыркы “Битекс компани” ААКнын мүлкүн күрөөлүктөн жеке колго мыйзамсыз өткөрүү фактылары аныкталды.

1997-жылы “ККНК” ААК Япония Өкмөтүнөн жана “KFW Германия” банкынан эки техникалык кредит (жабдуу) алган. Буга байланыштуу Финансы министрлиги кредитор катары “ККНК” ААКсы менен 916 миң 137 немец маркасы жана 5 миллион 246 миң 600 АКШ доллары өлчөмүндө карыздык милдеттенме түзүшкөн.

2014-жылы “А.Ш.Шнын” (“Аю” холдингинин негиздөөчүсү) адамдары “ККНК” ААКсынын жана Токмок шаарында жайгашкан “Касиет КПФ” ЖЧКсынын акцияларынын контролдук пакетине ээ болушкан.

Ошону менен бирге, 2015-жылы “ККНК” ААКсы  Финансылык кредиттик фондго күрөө катары технологиялык жабдууларды жана Бишкек шаарынын Чүй проспектиси 4 дарегинде жайгашкан 4.1 га жер тилкесин берген.

Жыйынтыгында 2016-жылы “ККНК” ААК жана “КПФ Касиет” ЖЧКсынын жооптуу адамдары КР премьер-министрине кредиттик келишимди жана күрөөгө коюлган мүлктү “ККНК” ААКдан “КПФ Касиет” ЖЧКсына өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Өкмөттүн 2016-жылдын 8-июлундагы токтомуна ылайык, “ККНК” ААКнын 1997-жылдагы кредиттер боюнча карыздык милдеттенмеси боюнча болгон карызы мамлекетке башка күрөөлүк камсыздоо менен жалпы суммасы 519 млн.сомго “КПФ Касиет” ЖЧКсына өткөрүлүп берилип, “ККНК” ААКсынын мүлкүнөн бардык чектөөлөр алынып салынган.

Ошону менен, “ККНК” ААКны “Битекс Компани” ЖЧКсы катары кайра каттоо менен “А.Ш.Шнын” адамдары Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси 4 дарегинде жайгашкан жер участокторуна менчик укугуна ээ болгон.

Тергөөнүн жыйынтыгы жана алынган далилдердин негизинде “ККНК” ААКнын мүлктөрү, 4,1 га жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды.

Мындан тышкары окуңуз

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” эл аралык аба майданына барчу жолду оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 650 карагай жана 20 туя көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ишканасынан билдирди. Компаниянын маалыматында, долбоор ишке ашкан сайын бак-дарактарды көчүрүү иштери улантылат жана мындан ары бак-дарактарды кыюу пландалбаганын такташты. Компания жолду оңдоо иштери Бишкек шаардык мэриясы

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге ай сайын берилүүчү кошумча төлөмдү 5000 сомго жеткирүү сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев журналисттер үчүн өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, тиешелүү мыйзам долбоорунун алкагында баатыр энелерге төлөмдөрү бирдей суммада болот. Учурда пенсия курагындагы баатыр энелер 1000 сом, ал эми жөлөк пул алгандар 3000 сом

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү өсүп, QR-код аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын саны жана көлөмү рекорддук көрсөткүчтөргө жеткен. Бул тууралуу Улуттук банктын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча маалыматта белгиленген. Билдирүүлөргө караганда, былтыркы жылы 2024-жылга салыштырмалуу QR-код аркылуу жүргүзүлгөн акча которуулардын саны 8,1 эсеге көбөйүп, 525,1 млн операцияны

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

25-июнда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы жыйынтыкталды. Жыйын Кыргызстандын гимни менен аяктады. Баш мыйзамдын 83-беренесине, Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат. Парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдиргендей, сессиянын жүрүшүндө