Электр тармактары ишканаларына 40 жаңы атайын техника тапшырылды

Бүгүн 22-сентябрда, Чүй электр тармактар ишканасынын базасында энергетика министри Таалайбек Ибраев Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын электр тармактар ишканаларына жаңы атайын техникалардын ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу министрлик билдирди. Маалыматка ылайык, 2023-жылга капиталдык курулуш планына ылайык, "Кыргызстан УЭТ" ААК 4 автовышка АГП ISUZU сатып алган. Алардын ичинен телескопиялык

Чынгыз Керимбеков
Электр тармактары ишканаларына 40 жаңы атайын техника тапшырылды

Бүгүн 22-сентябрда, Чүй электр тармактар ишканасынын базасында энергетика министри Таалайбек Ибраев Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын электр тармактар ишканаларына жаңы атайын техникалардын ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылга капиталдык курулуш планына ылайык, "Кыргызстан УЭТ" ААК 4 автовышка АГП ISUZU сатып алган. Алардын ичинен телескопиялык унаалар төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

• автовошка 22 м. 1 бирдик – Ош ЭТИ;

• автовышка 18 м. 3 бирдик – Жалал-Абад ЭТИ, Нарын ЭТИ, Ысык-Көл ЭТИ.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев атайын техникаларды тапшырып жатып, энергетика тутумунда калкты электр энергиясы менен ишенимдүү жана сапаттуу камсыз кылуу үчүн тийиштүү шарттар түзүлүп жатканын баса белгиледи.

Чынгыз Керимбеков

По теме