“Балыкчы-Кочкор” темир жолунун 11 километри курулду
![“Балыкчы-Кочкор” темир жолунун 11 километри курулду](/content/images/size/w1200/2023/09/5-1.jpg)
“Балыкчы-Кочкор” темир жолунун 11 километри курулду. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» МИсы маалымдайт.
Такталгандай, 2022-жылы пландалган 5 чакырым темир жол толугу менен курулуп бүткөн. Жумуштар толугу менен «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин өздүк каражатынын эсебинен аткарылган.
2023-жылга 15 км курулушу пландалып, анын ичинен 11 км төмөнкү курулуш жол даярдалып бүттү, калган 4 чакырымында иштер уланууда жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөт. Мындан тышкары даярдалган жолдо темир-бетон шпалдарын, рельстерди төшөө иштери жүргүзүлүүдө.
Курулуш иштерине жалпысынан ишканадан 85 жумушчу жана 26 атайын техника тартылган.
![](https://im.kg/content/images/2023/09/1.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2023/09/2.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2023/09/4.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2023/09/5.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2023/09/6.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2023/09/7.jpg)
![](https://im.kg/content/images/2023/09/8.jpg)