Ош шаарындагы «Манас-Ата» муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан арматура чыгаруучу заводдордон чыккан түтүн абаны булгап, экологиялык коопсуздук сакталбай жатат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Мындан улам, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов КРнын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Ош регионалдык башкармалыгына, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна экологиялык коопсуздукту сактоо жана көзөмөлдөө боюнча тапшырма берди.





Хочешь самым первым узнавать о важных новостях об экономике и бизнесе в Кыргызстане, подпишись на наш Телеграм канал
@ishker_media