Нарын электр тармактар ишканасы кышкы мезгилге даярданууда
Нарын электр тармактар ишканасы кышкы мезгилге даярданууда. Жаз айынан башталган оңдоп-түзөө иштери дагы да уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Учурдагы жана накталап оңдоо иштеринин жыйынтыгы 8 айга 35 кВ жогору 42 көмөк чордон оңдоого берилсе бүгүнкү күндө толугу менен оңдолду.
Ал эми 35 кВ жогору аба чубалгылары 8 айга 1745,4 км берилип, толугу менен оңдоодон өтүп, 100% план аткарылды.
10/0,4 кВ көмөк чордондорунан 8 айга 342 даана пландалса, 335 даана толук бүткөрүлүп, 98% аткарылды.
Ошондой эле 10/0,4 кВ аба чубалгылары 557,2 мерчемделсе, бүгүнкү күндө 550,1 км бүтүп, 98,7 % аткарылды.