Дастанбек Джумабеков Манас районунундагы башталгыч мектепке авто унаа тапшырды
![Дастанбек Джумабеков Манас районунундагы башталгыч мектепке авто унаа тапшырды](/content/images/size/w1200/2023/10/021023171222_photo_5244984736294751321_y.jpg)
Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Джумабеков “Ак-эмгегим элиме” программасынын алкагында Манас районундагы Сөгөт айылында “Сөгөт” атындагы башталгыч мектебине Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү авто унаасын белек кылды. Бул тууралуу парламент билдирди.
Такталгандай, бул демилге жергиликтүү тургундардын суроо-талаптарына жооп болду, анткени буга чейин окуучулар коңшу айылдын мектептерине күн сайын 6 км жөө басып барууга мажбур болушкан.
Жергиликтүүлөр жаңы унаа окуучуларды жамгырдан сактап, чыгармачылыкка, билимге жол ачарын белгилешип, депутатка ыраазычылыктарын билдиришти.