Бишкектин дагы 7 көчөсүндө коомдук транспорт үчүн атайын тилкелер пайда болот

Бишкектин дагы 7 көчөсүндө коомдук транспорт үчүн атайын тилкелер пайда болот

Бишкектин мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы менен биргеликте пилоттук долбоорлордун негизинде Бишкек шаарынын көчө-жол тармагынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүү пландаштырылууда. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин шаардын төмөнкү негизги көчөлөрүндө атайын тилкелерди уюштуруу пландаштырылууда:

• Токомбаев көчөсү Н.Жетикашкаева көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин;

• Байтик Баатыр-Абдрахманов көчөлөрүндө Жибек - Жолу проспектисинен Токомбаев көчөсүнө чейин;

• Жибек-Жолу проспектисинде Лермонтов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин;

• Манас проспектисинде Жибек-Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин;

• Ахунбаев көчөсү Садырбаев көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин;

• Ден-Сяопин проспектисинде Фучик көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;

• Чүй проспектисинде 7-апрель көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин;

• 7-апрель көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Анкара көчөсүнө чейин.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун