Өзбекстандан 28 тонна жезди мыйзамсыз алып келүү аракетине бөгөт коюлду

Өзбекстандан 28 тонна жезди мыйзамсыз алып келүү аракетине бөгөт коюлду

Өзбекстандан 28 тонна жезди мыйзамсыз алып келүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Такталгандай, Ошто «Ю.И.И.» аттуу жарандын башкаруусундагы жарым чиркегичи бар жүк ташуучу унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. Унаанын жүк салуучу бөлүгүн бажылык текшерүү учурунда жалпы салмагы 28 035 кг түзгөн деп маркировкаланып, желим баштыктарга салынган «жез сыныктары» табылган.

Товарлар Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына аз партия менен алынып келинген. Товар коштоочу документтери жок жүк Жалал-Абад облусунун аймагында жүктөлүп, Ош шаарына бара жаткан.

Кырдаалдар такталганга чейин жүк салынган унаа убактылуу сактоочу кампага жеткирилген. Баалоочу компаниянын маалыматы боюнча 1 кг «жез сыныгы» 545 сом, товардын жалпы баасы 15.2 млн сомду түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Бир жумада 28 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Бир жумада 28 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстанда 14-августтан 20-августка чейин, алдын ала маалымат боюнча, 28 367 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Алардын ичинен: • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 948; • мас абалында унаа башкаруу — 519; • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 224; • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин

"Кыргызалтындын" таза кирешеси алты айда 33 млрд сомго жетти

"Кыргызалтындын" таза кирешеси алты айда 33 млрд сомго жетти

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында "Кыргызалтын" ААКнын таза кирешеси 33 млрд сомду түздү. Бул тууралуу компаниядан билдиришти. Көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өскөн. Ошондой эле ал компаниянын 2025-жылдагы жалпы таза кирешесинен 1,8 эсеге көп. 2025-жылдын жыйынтыгында "Кыргызалтындын" таза кирешеси

“Ак кеме” мейманканасы жаңыланып, ишке берилди

“Ак кеме” мейманканасы жаңыланып, ишке берилди

Бишкек шаарында жаңыланган «Ак-Кеме» мейманканасынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров баштаган коноктор катышты. Анын жүрүшүндө өлкө башчы мейманкана Акаевдин заманында түркиялык ишкерлер тарабынан курулгандыгын, кийин мамлекет объектини мыйзамсыз тартып алгандыктан, ишкер Нью-Йорктогу сотко кайрылып, Кыргызстанды 16,5 млн доллар доого жыккандыгын билдирди. Садыр

Ак-Талаада дарактардын үрөнү жыйналып, сапатына жараша иргелет

Ак-Талаада дарактардын үрөнү жыйналып, сапатына жараша иргелет

Ак-Талаа токой чарбасында көчөт өстүрүү жана токойлорду калыбына келтирүү үчүн ийне жалбырактуу дарактардын уруктары жыйналууда. Бул тууралуу Токой кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, адистер жетилген дарактардан уруктарды чогултуп, аларды сапатына жараша иргеп, сактоого даярдашууда. Жыйналган уруктар кийинки мезгилде көчөтканаларда көчөт өстүрүүгө, ошондой эле токойлорду калыбына келтирүү иштерине пайдаланылат. Белгиленгендей, уруктарды