Мүлктү сатуудан түшкөн кирешеден 10% өлчөмүндө салык тууралуу Салык кызматынын түшүндүрмөсү

Мүлктү сатуудан түшкөн кирешеден 10% өлчөмүндө салык тууралуу Салык кызматынын түшүндүрмөсү

Социалдык тармактарда мүлктү сатуудан түшкөн кирешеден 10% өлчөмүндө салык алуу маселеси активдүү талкууга түшкөн. Ушуга байланыштуу, Салык кызматы мүлктү сатып алгандан кийин бир жыл ичинде кайра сатуудагы салык салуу эрежелерин түшүндүрөт.

Салык мыйзамына ылайык, эгерде мүлк (батир, үй, унаа) 1 жылдан аз убакытка менчигинде болуп, аны кайра саткан учурда, андан алынган кирешеден киреше салыгын төлөө керек.

Бирок, эгерде менчигиндеги мүлк бир жылдан кийин сатылган болсо, анда ал мүлк канча суммага сатылганына карабастан, салык төлөө талап кылынбайт.

Мисалга алсак, А.А. аттуу жаран 3 млн сомго батир же унаа сатып алып, бир жылдын ичинде эле кайра 3,5 млн сомго сатты дейли. Бул учурда алынган киреше 500 миң сомду түздү жана бул суммадан 50 миң сом өлчөмүндөгү киреше салыгы төлөнүшү керек.

Мүлктү бир жылдын ичинде кайра сатуу боюнча салык милдеттенмеси жаңы ченем эмес экендигин баса белгилөө маанилүү. Ал Салык кодексинин мурунку редакцияларында да болгон, бирок 2022-жылга чейин ээлик кылуу мөөнөтү 2 жылды түзүп келген, ал эми азыр бул мөөнөт 1 жылга кыскарган.

Ошондой эле 2022-жылдан баштап жаңы ченем күчүнө кирген, анда киреше салыгы курулушка, жасалгалоого жана оңдоого кеткен чыгымдарды алып салгандан кийин эсептелет (чыгымдарды тастыктаган тиешелүү документтер болгон учурда).

Мүлктү кайра сатуудан киреше алган жарандар календардык жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын тапшырышы керек.

2022-жылдын ноябрь айынан тартып "Кадастр" жана "Унаа" мамлекеттик органдарынын маалымат базалары Салык кызматынын маалымат базасына интеграцияланган, бул мүлктү сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдөргө талдоо жүргүзүүгө жана салык мыйзамдарын сактабаган учурларды аныктоого мүмкүндүк берет.

Мүлктү сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдөрдүн натыйжасында алынган киреше жөнүндө маалымат алынгандан кийин жарандарга салыктарды төлөө зарылдыгы жөнүндө тиешелүү билдирүү жиберилет.

Белгилей кетсек, эгерде салык төлөөчү салык органынын чечими тапшырылган учурдан тартып 15 күндүн ичинде салык калдыгынын толук суммасын жана туумдун жарымын төлөсө, туумдун калган 50 %ын төлөөдөн бошотулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Салык кызматы мүлктү өз баасынан жогору кайра саткан жана салык милдеттенмеси пайда болгон бардык жарандарды айып жана туумдарды төлөбөө үчүн салык мыйзамдарынын ченемдерин сактоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media