Ысык-Көл областынын Тоң райондук прокуратурасы тарабынан Кажы-Сай айылындагы 0.6 га жер тилкеде жайгашкан мектеп-интернат 2008-жылы мыйзамсыз түрдө жеке жактарга менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Аталган социалдык обьектини мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, толук канааттандырылган.
Прокурордук актысынын негизинде базар баасы 14.7 млн сомду сомду түзгөн аталган мектеп-интернаттын имараты, 0.60 га жер тилкеси менен муниципалдык менчикке Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн карамагына кайтарылды.
Хочешь самым первым узнавать о важных новостях об экономике и бизнесе в Кыргызстане, подпишись на наш Телеграм канал
@ishker_media