Жалал-Абадда эки оорукананын имаратынын курулушу ноябрда бүткөрүлөт

Чынгыз Керимбеков
Жалал-Абадда эки оорукананын имаратынын курулушу ноябрда бүткөрүлөт

Жалал-Абадда эки оорукананын жаңы имаратынын курулушу ноябрда бүткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Жалал-Абаддын капиталдык курулуш департаменти маалымадагандай, ушул тапта облустук биргилешкен клиникалык оорукананын терапия, нефрология жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрү үчүн үч кабаттуу 90 орунга ылайыкталган имарат курулууда.

«Бүгүнкү күндө иш кызуу жүрүп жатат, имараттын курулушу дээрлик 80 пайызга аяктады. Учурда чатыры жабылып, ички жасалгалоо иштери жүрп жатат», - деди мекеменин жетекчиси Арапбай Маматжан уулу.

Мындан тышкары, облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборуна дагы үч кабаттуу жаңы имарат курулууда. Курулуш иштери 70%га аяктап калды.

Белгилей кетсек, жогорудагы эки оорукананын имараттарынын курулушу республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен каржыланууда.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости