Кара-Сууда мыйзамсыз менчиктештирилген 7 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Кара-Сууда мыйзамсыз менчиктештирилген 7 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Ош областтык прокуратурасы тарабынан соттун чечиминин аткарылышына карата жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 7 млн сомдук 0.5 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Атап айтканда, 2014-жылы Ош областнын район аралык сотунун чечими менен Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы 0.5 га жер тилкеси А.А. аттуу жарандын менчиги деп таанылган.

Аталган соттун чечимине Ош областтык прокуратурасы тарабынан апелляциялык сунуш келтирилип, анын кароосунун жыйынтыгында Ош областтык сотунун чечими менен жогорудагы район аралык соттун чечими жокко чыгарылган.

Областтык прокуратуранын прокурордук актысынын негизинде 7 миллион 31 миң сомго бааланган 0.5 га жер тилкеси Жоош айыл өкмөтүнүн балансына алынды.

Мындан тышкары окуңуз

Лейлекте жакында газоблок чыгаруучу ишкана ишке кирет

Лейлекте жакында газоблок чыгаруучу ишкана ишке кирет

Баткен облусунун Лейлек районундагы Булак-Башы айылында “Мега Газоблок” ишканасы курулуп жатканын президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына шилтеме кылуу менен“Кабар” маалымат агенттиги жазды.  Жеке ишкер бул өндүрүштүк обьектисине 12 млн доллар инвестиция салган. Ири заводдун курулушун 2025-жылдын 1-декабрына чейин бүткөрүү пландалган. Ишкана ишке кирсе, суткасына 2000 даана газоблок өндүрүлө баштайт.

Энергетика министрлиги өлкөдө майнинг компаниялардын иши токтотулганын билдирди

Энергетика министрлиги өлкөдө майнинг компаниялардын иши токтотулганын билдирди

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда бардык майнинг фермалардын иши токтотулганын 24.kg маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.  Ал коомчулукта “майнинг фермаларга электр энергиясын берип, элге болгон 5 кВт кубаттуулукту 3 кВтка чейин түшүрдү” деген сын-пикирлер айтылып жатканын мисал кылып буларды кошумчалады. “Бизде “Камбар-Ата-2” ГЭСинде жана “Быстровкада” эки майнинг ферма бар.

Кыргызстандын 3 шаары конкурста жеңүүчү болду

Кыргызстандын 3 шаары конкурста жеңүүчү болду

Жума башында Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшырганын Маданият, жаштар саясаты жана спорт министрлиги билдирди.  Министрлик билдиргендей, аталган конкурс эки жылда бир облустук жана райондук маанидеги шаар мэрияларынын ортосунда өткөрүлөт.  Бул жолу 1-орунду – Жалал-Абад облусунун Манас шаары утуп, Кыргызстандын жаштар шаары” титулу менен

Яндекс Goдо электромобилдүү унаалардын тарифи пайда болду

Яндекс Goдо электромобилдүү унаалардын тарифи пайда болду

Бишкектеги Яндекс Goнун тиркемесинде эми “Электро” тарифи жеткиликтүү болуп калды. Буйрутма берүүдө ушул тариф тандалса, жогорку деңгээлдеги ыңгайлуу, жеңил жана үнсүз жүрүүчү, ошондой эле экологиялык жактан таза электромобилдүү унаалар келет. Колдонуучуларга BYD, Weltmeister, Changan, FAW жана башка маркадагы заманбап жана кенен электромобилдүү унаалар жеткиликтүү болот. Азыр бул тарифте 2500дөн ашык