Өкмөт Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына катышуу үчүн 100 млн сом бөлөт

Өкмөт Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына катышуу үчүн 100 млн сом бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинде министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун барсары Адылбек Касымалиев билдирди.

Эске салсак, буга чейин депутат Шайлообек Атазов спорт тармагына бюджетти бекитүүдө 2024-жылы Парижде Олимпиада оюндары өтөөрүн эске алуу керектигин кошумчалаган.