Адам "темирди" же "техниканы" жебейт – Акылбек Жапаров

Адам "темирди" же "техниканы" жебейт – Акылбек Жапаров

Канчалык жогорку технология өнүкпөсүн, айыл чарба өлкө экономикасынын приоритеттүү тармактарынын бири жана дүйнөдөгү эң керектүү жана маанилүү тармак. Адам "темирди" же "техниканы" жебейт. Бул тууралуу Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле өлкөнүн айыл чарба тармагын колдоо максатында акыркы эки жылда аны өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан 43.1 млрд сом каралса, анын 28.1 млрд сому бөлүнгөнүн кошумчалады.

“Ирригацияга – 2 млрд сом бөлүндү, элдин талааларына суу жетсин деп 2024-жылга өзүнчө статья менен дагы 1 млрд сом карап жатабыз. Үрөнгө – 1.5 млрд сом, жер семирткичтерге – 1 млрд сом, лизингге – 1 млрд жана күйүүчү майлоочу майларга убагында каражаттарды бөлүп кампаларга толтуруп жатабыз. Агроөнөр жай секторуна жеңилдетилген кредит катары 2 жылда 24 млрд сомдон ашуун каражат бөлүндү”, – деди Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин төрагасы агро өнөр жай тармагын өнүктүрүүнүн бир катар артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Ал айыл чарбасы “өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга жана азык-түлүк коопсуздугуна карай жылышы керек” деп кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун