Таласта нандын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 2023-жылдын 23-октябрында Таласта нандын баасына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Иш чарага Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, шаардык мэриясы жана Салык кызматынын кызматкерлери катышьты.

Кызматтар Таластагы нан (бөлкө нан) жана нан азыктарынын (тандыр нан) чекене сатуу менен алектенген чарбекер субъекттер, супер маркет, кичи маркет жана баардык нан сатылуучу жайларга мониторинг жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Нандын белгиленген баасынан жогорулатып саткан ишкерлерге эскертүүлөр берилди.

Белгилей кетсек, 260 гр тандыр наны буга чейин 28-29 сомдон сатылып келсе, бүгүнкү күндө 25-26 сомдон сатылууда. 300 гр 31 сомдон сатылып келсе бүгүнкү күнү 29-30 сомдон сатылууда. 340-350 грам бөлкө нандар 26 сомдон сатылып келсе бүгүнкү күндө 22-23 сомдон сатылып жатат.